Akchabarsearch
Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2026-26-03, 11:52

Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 31-январына карата жалпы мамлекеттик карыз 8,94 млрд долларды түздү. Бир жыл ичинде ал 2,3 млрд долларга же дээрлик 35%га өстү. Сом менен эсептегенде карыз 201 млрд сомго көбөйүп, 781,8 млрд сомго жетти. Мында 2025-жылдын январь айы менен 2026-жылдын январь айындагы отчеттордо бирдей курс - 1 доллар үчүн 87,45 сом колдонулган. Бул болсо улуттук валютадагы өсүш курстун өзгөрүшүнөн эмес, чыныгы карыз алуунун көбөйүшүнөн улам болгонун билдирет.

Кытай үлүшүн жоготууда

Негизги түзүмдүк тенденция - Кыргызстандын кытай кредиттерине болгон көз карандылыгынын азайышы.

Бир жыл ичинде Кытайдын Эксимбанкы алдындагы карыздын көлөмү болжол менен 153 млн долларга кыскарып, 1,5 млрд долларга чейин түштү. Натыйжада тышкы карыздагы Кытайдын үлүшү 36,5%дан 28,1%га чейин азайды.

Бул чындыгында, Бишкек акырындап бир кредитор карыз портфелинин олуттуу бөлүгүн түзгөн моделден алыстап бара жатканын билдирет.

Мындай стратегия көптөгөн өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн практикасына туура келет. Анткени каржылоо булактарын диверсификациялоо, өзгөчө геосаясий чыңалуу жана капитал рынокторунун туруксуздугу шартында карыз тобокелдиктерин азайтат.

Орунду Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы ээледи

Кытайдын үлүшү азайган менен бирге көп тараптуу каржы институттарынын алдындагы милдеттенмелер көбөйдү.

Мисалы, Дүйнөлүк банктын түзүмү болгон Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын алдындагы карыз дээрлик 183 млн долларга, ал эми Азия өнүктүрүү банкынын алдындагы бересе 109 млн долларга өстү.

Мындай өзгөрүүлөрдү карыз алуунун түзүмүнүн жумшак моделине өтүү катары баалоого болот, анткени көп тараптуу институттардын кредиттери көбүнчө жеңилдетилген шарттарга, узак мөөнөткө жана долбоорлорду техникалык жактан колдоого ээ болот.

Ошол эле учурда Кыргызстан Эл аралык валюта фонду алдындагы милдеттенмелерин акырындап кыскартып жатат, бир жыл ичинде алар 130 млн доллардан ашыкка азайды. Бул республикада кризиске каршы каржылоого болгон муктаждыктын азайып жатканынан кабар бериши мүмкүн.

Еврооблигациялар – жаңы тобокелдик факторубу?

2025-жылы Кыргызстандын тышкы карызынын түзүмүндөгү негизги окуя 700 млн доллар көлөмүндө суверендүү еврооблигациялардын биринчи жолу жайгаштырылышы болду. Бул баалуу кагаздар дароо эле өлкөнүн карыз портфелинде олуттуу үлүштү түзүп, тышкы карыздын өсүшүнүн факторлорунун бири болуп калды.

Жайгаштыруу инвесторлордун жогорку кызыгуусунун шартында өттү. Суроо-талаптын көлөмү 2,1 млрд доллардан ашып, бул чыгарылган көлөмдөн үч эсе көп болду. Сатып алууга АКШдан, Улуу Британиядан, Европадан жана Азиядан 100дөн ашык эл аралык инвестор катышты.

Суверендүү еврооблигациялар 5 жылдык мөөнөткө, 7,75% купондук чен менен чыгарылды. Бул көрсөткүч Кыргызстандын учурдагы өлкөлүк рейтингинин деңгээлин жана эл аралык капитал рынокторундагы тобокелдиктерди кабылдоону чагылдырат.

Бир жагынан еврооблигациялар рыногуна чыгуу имидждик жана стратегиялык кадам катары каралат бул каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, өлкөнүн инвестициялык таанымалдыгын жогорулатууга жана инфраструктура менен энергетиканы өнүктүрүүгө каражат тартууга мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан мындай карыз алуу бюджетке узак мөөнөттүү жүктү жаратат. Жакынкы жылдары эле бул баалуу кагаздар боюнча пайыздык төлөмдөр жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашып, 2028-жылга чейин туруктуу деңгээлде сакталат.

Еврооблигациялардын толук суммасын төлөө 2030-жылы, алардын жүгүртүү мөөнөтү аяктаганда күтүлүүдө. Бул Кыргызстан негизги карызды төлөө боюнча белгилүү бир тыныгуу алганын билдирет, бирок ошол эле учурда келечекте ири төлөмдөрдүн чокусун түзөт. Натыйжада еврооблигациялар рыноктук тобокелдиктердин жаңы факторуна айланды. Алардын жогорку чени карызды тейлөөнү бюджеттин абалына жана макроэкономикалык динамикага көбүрөөк көз каранды кылат.

Ички карыз тышкы карызга караганда тезирээк өсүүдө

Дагы бир негизги тенденция - ички мамлекеттик карыздын ыкчам өсүшү. Бир жыл ичинде ал 70%дан ашык көбөйүп, 3,6 млрд долларга жетти.

Бул мамлекет бюджетти каржылоодо ички рынокто мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну кыйла активдүү колдоно баштаганын билдирет. Мындай стратегия валюталык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет, анткени милдеттенмелер сом менен номинацияланган.

Ошол эле учурда каралган мезгилде валюта курсу карыздын наркына дээрлик таасир эткен жок. Отчеттордо колдонулган доллардын расмий курсу туруктуу бойдон калып, 87,45 сом деңгээлинде болду. Демек, сом менен эсептегендеги карыз жүгүнүн өсүшү негизинен карыз алуу көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болду, девальвациянын таасири эмес.

Бирок ички карыз саясатынын терс жактары да бар. Аудиторлордун баасы боюнча, ички карыз алуу мамлекетке тышкы жеңилдетилген кредиттерге караганда кымбатыраак түшөт.

2023-жылы эле Эсеп палатасы мамлекеттик ички карыздын жогорку наркына көңүл бурган. 54,6 млрд сом көлөмүндө мамлекеттик облигациялар чыгарылганда, бюджетке болгону 38 млрд сом жеткен, баалуу кагаздар чоң арзандатуу менен жайгаштырылган, ал 16,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми төлөмдөр номинал боюнча жүргүзүлөт. Бул деген чындыгында тартылган 38 млрд сом үчүн мамлекет инвесторлорго 62,2 млрд сом төлөшү керектигин билдирет. Натыйжада ички карыздын чыныгы наркы олуттуу көбөйөт.

Карыз азайса да, анын таасири сакталууда

Жалпысынан мамлекеттик карыздын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр Кыргызстан акырындап Кытайдан, негизги тышкы кредитордон көз карандылыгын азайтып жатканын көрсөтөт, ошол эле учурда эл аралык өнүгүү каржы институттары менен кызматташтыкты күчөтүп, ички рыноктон активдүү каражат тартып жатат.

Бирок Пекин менен каржылык байланышты толугу менен жумшарган деп айтуу эрте. Азыр өлкөлөр ири инфраструктуралык долбоорлордун бирин ишке ашырууда - Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу.

Аталган мегадолбоордун жалпы баасы болжол менен 4,7 млрд долларга бааланууда, бул өлкөнүн учурдагы тышкы мамлекеттик карызынын дээрлик 90%на барабар. Бул көрсөткүчтүн өзү эле долбоордун аймактын экономикасы үчүн масштабын жана стратегиялык маанисин көрсөтүп турат.

Формалдуу жагынан караганда, каржылоо түздөн-түз мамлекеттик карызга чагылдырылбайт. Болжол менен 2,3 млрд доллар Кытай тараптан темир жолду куруу үчүн түзүлгөн биргелешкен долбоор компаниясына 35 жылдык мөөнөткө кредит түрүндө берилет. Калган 2,3 млрд доллар уставдык капитал катары түзүлүп, анда үлүштөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Кытай — 51%, Кыргызстан жана Өзбекстан — ар бири 24,5%. Кредиторлордун катарында Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кытайдын Экспорт-импорт банкы бар.

Ошентсе да, мындай каржылык конструкцияда долбоор чындыгында Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү экономикалык байланыштарын күчөтөт. Милдеттенмелер юридикалык жактан долбоор компаниясына тийиштүү болгону менен алардын тейлөөлөрү жана эффективдүүлүгү келечекте мамлекеттик каржыга, инвестициялык климатка жана өлкөнүн карыз туруктуулугуна таасир этет.

Ошентип, мамлекеттик карыздын түзүмүндө кытай насыяларынын үлүшүнүн азайышы Кытайдын Кыргызстан үчүн стратегиялык ролунун азайышын билдирбейт.


Тектеш материалды окуу