
Жарыяланган
2026-09-06, 18:01Бишкекте санариптик протездөө үчүн алынган заманбап жабдуулар алгачкы жыйынтыктарын бере баштады. 3D-сканер жана 3D-принтердин жардамы менен адистер жеке өзгөчөлүктөргө ылайык протездерди мурдагыга караганда ылдамыраак, тагыраак жана азыраак чыгым менен даярдап жатышат.
Ушул жылдын март айынан тарта Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде Францияда өндүрүлгөн 3D-сканер жана 3D-принтер иштеп жатат. Жабдууларды сатып алууга республикалык бюджеттен 45 миң 850 евро бөлүнгөн. Адистердин айтымында, протездөө тармагына 3D-технологияларды киргизүү КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашырылууда.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 3D-технологияларды киргизүү салттуу кол өнөрчүлүк ыкмасынан санариптик өндүрүшкө өтүүнүн маанилүү кадамы болду.
Протезчи Эрнст Казакеевдин айтымында, 3D-басып чыгаруу протез даярдоо процессин кыйла тездетет. Мисалы, сан үчүн протездин гильзасын басып чыгарууга азыр болжол менен 12 саат талап кылынат. Мында кол эмгеги өтө аз колдонулат: даяр буюмду бир аз жылмалап коюу жетиштүү, андан кийин ал бейтапка кийгизип көрүүгө даяр болот.
Гильзалар Франциядан алынып келинген атайын сополимердик пластиктен жасалат. Материал 10 килограммдык түрмөктөр менен жеткирилет жана бир түрмөк орточо тогуз гильза чыгарууга жетет. Бул өндүрүштү стандартташтырууга жана материалдардын сарпталышын так пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Технологиянын дагы бир маанилүү артыкчылыгы аралыктан өндүрүү мүмкүнчүлүгү. Эми жаңы гильза даярдоо үчүн бейтаптын Бишкекке келүүсү милдеттүү эмес. Эгер адам башка облуста болсо, анын керектүү өлчөмдөрү ошол жерден алынып, борборго жөнөтүлөт. Андан соң протез Бишкекте даярдалып, бейтап даяр буюмду алуу үчүн гана келет.

Каржылык жактан алганда, 3D-протездөөнү киргизүү чыгымдарды бир нече багыт боюнча кыскартууга мүмкүндүк берет.
Биринчиден, адистердин кол эмгеги жана убакыт чыгымдары азаят. Санариптик моделдөө жана 3D-басып чыгаруу өндүрүш процессин тездетип, ошол эле убакыт аралыгында көбүрөөк бейтаптарды тейлөөгө шарт түзөт.
Экинчиден, материалдардын чыгымы жана каталардын саны кыскарат. Кайрадан жасоо иштеринин азайышы гипс, пластик жана башка сарпталуучу материалдардын үнөмдөлүшүнө алып келет.
Үнөмдөө узак мөөнөттүү келечекте да байкалат. Бейтаптардын санариптик моделдерин сактап, протезди алмаштырууда же өркүндөтүүдө кайра колдонууга болот. Бул өзгөчө өсүп жаткан балдар жана протездерин үзгүлтүксүз жаңылап турууга муктаж болгон бейтаптар үчүн маанилүү. Натыйжада кайрадан текшерүү жүргүзүүгө жана калып алууга кеткен чыгымдар да азаят.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде санариптик технологиялар киргизилгенине карабастан, иштин олуттуу бөлүгү дагы эле кол эмгегине жана ар бир бейтапка жекече мамиле жасоого негизделет.
Ортопедиялык бут кийимдердин моделдөөчүсү Роман Филиппов бул мекемеге 16 жашында келген жана бул жерде 16 жылдан бери эмгектенип келет. Ал балдардын ортопедиялык бут кийимдеринен тартып, бир буту экинчисинен кыскараак болгон бейтаптар үчүн тамандын бийиктигин жөнгө салуучу атайын бут кийимдерге чейин жасап чыгарат.
“Мен кесибимди алмаштырууну эч качан ойлогон эмесмин, бул жумуш мага жагат. Бул жерде адамдар менен иштейм. Андан тышкары, менин кесибим өтө сейрек кездешет жана аны ар ким эле өздөштүрө албайт. Бул татаал иш, көп убакытты талап кылат. Ошондуктан бул кесипти сүйүү керек, ал эми тажрыйба менен чеберчилик өзү келет”, — дейт ал.

Анын айтымында, моделдөөчүнүн иши тынымсыз кыймылда болууну талап кылат. Ар бир буюм жекече даярдалгандыктан, анын сапатын жана ыңгайлуулугун бардык тарабынан текшерип туруу зарыл.
Жекече мамиленин тарыхый мисалдарынын бири - Кыргызстандын эң узун бойлуу адамы, Нарын облусунун тургуну Жеңишбек Райымбаев үчүн бут кийим тигүү болгон. Анын бою 2 метр 36 сантиметрге жетип, бут кийиминин өлчөмү 58 болгон. Ал үчүн бут кийимдер ушул ишканада гана атайын буюртма менен даярдалчу. Жеңишбек Райымбаев 2015-жылы дүйнөдөн кайткандан кийин, анын бут кийиминин калыптары сакталып калган. Учурда алар жекече бут кийим тигүүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө колдонулуп келет.

Ишкананын кызматкерлери модернизациядан кийин эмгек акынын жогорулаганын белгилешет. Роман Филиппов мурда айына болжол менен 40 миң сом айлык алса, азыр анын кирешеси 80 миң сомдун тегерегине жеткен.
Ортопедиялык бут кийим тигүүчү Гүлнара Абдыкеримова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 27 жылдан бери эмгектенип келет. Ал ортопедиялык бут кийимдин үстүнкү бөлүгүн тигет. Анын жумуш үстөлүнөн буюмдардын булгаары жана мехтен жасалган үлгүлөрүн көрүүгө болот. Бул жерде жай мезгилинде деле кышкы бут кийимдер даярдалат.
“Илгери бул жерге тазалыкчы болуп ишке келгем, кийин ушул кесипти өздөштүрдүм. Биз колдонгон материалдар сапаттуу жана табигый - мех менен булгаары. Кардарларыбыз жылына эки жуптан бут кийим буюртма беришет. Эгер айына 130 жуп тиксем, азыр колума 90 миң сомдун тегерегинде айлык алам. Бул чоң айырма, анткени мурда 35-37 миң сомдун айланасында гана алчубуз”, — дейт ал.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин башкы дарыгери Жыпара Жайлообаеванын айтымында, модернизациядан кийин протезге биринчи жолу муктаж болгон же эски протезин алмаштырууну күткөн бейтаптардын кезеги кыйла азайды. Белгилеп кетсек, протездерди эки жылда бир жолу акысыз алууга болот. Аларга техникалык тейлөө көрсөтүү да акысыз жүргүзүлөт жана бейтаптар каалаган убакта кайрыла алышат. Ал эми ортопедиялык бут кийимдер жылына эки жолу тигилип берилет.
Мурда жыл сайын протездөөнү күткөндөрдүн саны 300гө жакын болсо, азыр кезекте болгону 20 чакты бейтап калган.
Күтүү мөөнөтү да кыскарган. Эгер мурда протезди даярдоого орточо эсеп менен 35 жумуш күнү кетсе, азыр ал эң көп дегенде 10 күндүн ичинде даярдалат.
Жыпара Жайлообаеванын айтымында, бут-колдун ампутацияланышына көбүнчө кант диабети, тубаса өнүкпөй калуу жана онкологиялык оорулар себеп болууда.
Мекемени жаңылоо алкагында инфраструктураны өнүктүрүүгө 97,8 миллион сом бөлүнгөн. Анын 89,3 миллион сому жабдуулардын 55 түрүн сатып алууга жумшалган.
Бул жаңылануулар реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле социалдык тармакка заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.

1942-жылы протездик-ортопедиялык устакана катары негизделип, 2004-жылы республикалык мекеме болуп кайра уюштурулган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бүгүнкү күндө өндүрүштүк гана эмес, социалдык милдетти да аткарып келет.
Учурда мекемеде 159 кызматкер эмгектенет. Алардын болжол менен 10 пайызы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Мындан тышкары, Ош шаарында өлкөнүн түштүк аймагын тейлеген филиал иштейт. Мекемеде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоого жана алардын эмгек укуктарын сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

