
Жарыяланган
2026-28-09, 20:08Жакында Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө суроолоруна тезирээк жооп алууга жардам бере турган жасалма интеллектке негизделген консультантты ишке киргизди. Бул бот жарандар көнүп калган салык кызматынын колл-борборунун ишин натыйжалуу аткара алабы?
Салык кызматынын колл-борборуна негизги кайрылуучулар бүгүнкү күнгө чейин бухгалтерлер. Ошондуктан «Акчабар» редакциясы компанияларды бухгалтердик жактан коштоп келген Buhven компаниясына кайрылып, анын директору Венера Сабурованын жаңы системага карата көз карашын сурады.
Венера Сабурова көп жылдык тажрыйбасы бар бухгалтер. Ал бир нече компаниянын бухгалтердик иштерин жүргүзгөн өзүнүн компаниясын жетектейт. Андыктан салыктарды төлөөдө адистер жана жөнөкөй жарандар күн сайын кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын андан жакшы билген адам аз.
“AiSalyk ишке киргенде эле, сайттан ошол эле күнү аны сынап, суроолорду бере баштадым. Ал Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын sti.gov.kg сайтында жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде эки режимде иштей турганын билбептирмин. Бул мага абдан жакты, менимче, чындап эле жакшы жаңылык. Алгач жалпы мүнөздөгү суроолорду бердим. Андан кийин тереңирээк кирип, белгилүү бир салык төлөөчүнүн жагдайына байланыштуу конкреттүү суроо бердим. Жооп абдан кеңири болду. AiSalyk Салык кодексинин тиешелүү беренесин, пунктун жана бөлүгүн көрсөттү. Мен дароо кодекстин өзүн алып, текшерип көрдүм. Жооптун так экенине ынандым. Ошентип, үчүнчү күн болду, AiSalyk менен мындайча айтканда, “достошуп” калдым”, — дейт Венера Сабурова.
Анын айтымында, ЖИ-консультант менен иштөө көнүмүш иштерди кыйла тездетет. Бул өзгөчө бир эле эмес, бир нече компанияны коштоп жүргөндө маанилүү.
“Мурда жөнөкөй эле иштердин өзү убакытты талап кылчу. Мисалы, карызы жок экендиги тууралуу маалымкат алуу үчүн жеке кабинетке кирип, арыз берип, жооп күтүшүбүз керек болчу. Эгер арыз четке кагылса, анын себебин өзүнчө тактоого туура келчү. Азыр болсо AiSalyk салык төлөөчүнүн абалын түз эле жеке кабинеттен көрүп, атүгүл 10 сом өлчөмүндө туум бар-жогун да көрсөтө алат. Ошондой эле адегенде ошол карызды төлөп, андан кийин гана маалымкат алууга болорун түшүндүрөт. Башкача айтканда, эми эмне болорун билбей туруп аракет кылып, жыйынтыкты күтүүнүн кереги жок. Адегенде AiSalykтан сурап, кырдаалды түшүнүп, андан ары эмне кылуу керектигин дароо билсе болот”, — деп белгилейт Buhven компаниясынын директору.
AiSalyk келечекте бухгалтерлердин айрым иштерин алмаштыра алабы деген суроону Венера Сабурова кесиптештери менен өзү да талкуулаган. Анын пикиринде, азырынча бул сервисти адистин ордуна толук кандуу колдоно баштоого эрте.
“AiSalyk - бул биринчи кезекте, бухгалтердин абдан жакшы жардамчысы. Ошол эле учурда келечекте мындай мүмкүнчүлүктү толугу менен жокко чыгарууга болбойт. Анткени мындан бир нече жыл мурун эле мындай инструменттер пайда болот деп элестетүү кыйын болчу”, — дейт ал.
Анын айтымында, азыр сервис өзгөчө чакан жана орто бизнеске пайдалуу болушу мүмкүн. Анткени мындай ишканаларга өзүнчө бухгалтер кармоо дайыма эле ыңгайлуу эмес. Бирок баары компаниянын жүгүртүүсүнө, ишмердигинин түрүнө жана операциялардын татаалдыгына жараша болот. Ири жеткирүүчүлөр менен иштеген жана өзгөчө эсеп-кысабы көп болгон бизнесте бухгалтерди толугу менен алмаштыруу кыйыныраак болот.
Мындан тышкары, AiSalyk кеңешчи катары гана иштейт жана расмий түшүндүрмөнү алмаштыра албайт. Сервис менен баарлашуунун аягында бот өзү да салык мыйзамдарын чечмелөө үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүнүн өзүндө экенин эскертет. Маанилүү салыктык маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматынан тактап алууну сунуштайт.
Анын айтымында, азыр сервисти иш жүзүндө колдонуп жаткан адамдардын пикирлерин чогултуу өзгөчө маанилүү. Ишкерлерден, бухгалтерлерден жана жетекчилерден кайсы функцияларды кошуу же өзгөртүү керектиги суралууда. Ал эми мындай форматка өтүүнү маектешибиз салык кызматынын ишин кеңири өзгөртүүнүн бир бөлүгү деп эсептейт.
Ал эмгек жолун 1994-жылы бухгалтер болуп баштаганын эскерет. Ошол кезде бир гана отчет тапшырууга дээрлик бүтүндөй жумуш күнүн коротууга туура келген.
“Эртең мененки саат сегизден кезекке туруп, кечки беш-алтыга чейин салык кызматында жүрчүбүз. Терезенин текчесинде отуруп, ошол жерден түшкү тамактанчубуз, айран ичип, булочка жечүбүз”, — деп эскерет ал.
Отчет тапшыргандан кийин салыктарды өзүнчө төлөөгө туура келчү. Ушундай шартта бир нече мүнөттүн ичинде жооп алуу же жеке салык кабинетиндеги абалды текшерүү мүмкүнчүлүгү Венера Сабурова үчүн жөн гана ыңгайлуу функция эмес, салык кызматынын тейлөө кызматы катары иштөөгө өтүп жатканын көрсөткөн өзгөрүү.
Салык кызматы өзүнүн ЖИ-консультантын түзүү идеясын бир жыл мурун баштаган. Буга ChatGPT жана Gemini сыяктуу инструменттердин кеңири жайылышы түрткү болгон. Бирок салык кызматында бул технологияны Кыргызстандагы салык мыйзамдары боюнча консультация берүү сыяктуу конкреттүү максатта колдонууну чечишкен.
“Бизге дал өзүбүздүн салык мыйзамдарын терең билген жана салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бере алган консультант керек болчу. Башкача айтканда, салык кызматынын бардык ченемдик базасын билген универсалдуу жардамчы. Эң негизгиси ал биздин инфраструктурада иштейт жана маалыматтар биздин серверлерде сакталат”, — деп билдирди «Акчабарга» Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин директору Шамшыбек Качкынбай уулу.
Андан кийин иштеп чыгуу жана окутуу этабы башталган. Командага AiSalyk системасын үйрөтүп, салык төлөөчүлөрдүн реалдуу суроолоруна туура жооп бере тургандай деңгээлге жеткирүү үчүн бир жылдай убакыт кеткен. Жыйынтыгында AiSalyk эки багытта иштейт. Биринчи версиясы салык кызматынын сайтына киргизилип, мыйзамдар боюнча жалпы суроолорго жооп берет. Экинчиси салык төлөөчүнүн жеке кабинетине орнотулган жана конкреттүү салык төлөөчүнүн маалыматтары менен иштейт. Демек, ал анын салыктык абалын эске алуу менен кеңеш бере алат.
AiSalyk жалпы суроолор менен гана эмес, салык төлөөчүнүн жеке кабинетиндеги маалыматтар менен да иштегендиктен, аны ишке киргизүүдө жеке маалыматтарды жана салыктык сырды коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулган.
“Биздеги жасалма интеллект жергиликтүү система. Биз кайсы бир булуттуу чечимге таянбайбыз жана маалыматтарды чет өлкөлүк серверлерде сактабайбыз. Өзүбүздүн эсептөөчү ресурстарыбыз бар”, — дейт “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин директору.
Жалпысынан системага чоң эсептөө кубаттуулугу талап кылынбайт. Ал бүтүндөй интернетти талдабайт, салык кызматынын белгилүү бир документтери жана маалыматтары менен гана иштейт.
“Мыйзам бирөө. Дүйнөлүк жасалма интеллект системалары бүтүндөй дүйнөнү, интернеттеги маалыматтардын баарын изилдейт. Ошондуктан алар берген жооптордо ката көп кездешет - тиешеси жок сайттарга же маалыматтарга шилтеме берип коюшу мүмкүн. Ал эми бизде анын чакан версиясы бар. Ага бардык керектүү документтердин базасын бердик. Демек, ага бир нерсени издеп же ойлоп табуунун кереги жок - керектүү маалыматтын баары өзүндө бар. Айырмасы да ушунда”, — деп түшүндүрөт Шамшыбек Качкынбай уулу.
Ошол эле учурда AiSalyk системасы дагы да өркүндөтүлүп жатат. Консультантты окутууда Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн реалдуу суроолорун колдонгон. Команда бир нече ай бою техникалык колдоо кызматынан, Instagram жана башка социалдык тармактардан келген кайрылууларды чогултуп, система колдонуучулар иш жүзүндө туш болгон жагдайлар менен иштөөнү үйрөнүшү үчүн колдонгон.
“Буга катар биз “Салык Кеңеш” аттуу өзүнүн ченемдик базасын түздүк. Ага салык мыйзамдары, жарлыктар, токтомдор, буйруктар, тескемелер, регламенттер жана салыктык башкарууда колдонулган башка документтер киргизилди. Ушул эки негиздин негизинде консультантты окуттук”, — деп түшүндүрөт Шамшыбек Качкынбай уулу.
Ошол эле учурда AiSalyk баары бир нейрондук тармак экенин унутпоо керек. Ошондуктан анын жоопторун маалымдама катары колдонуп, маанилүү маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматынан кайра тактап алуу зарыл.
Андай болсо, AiSalyk аркылуу салык төлөөчү негизги маселелерин - салыктарды эсептөөдөн тартып, карызы бар-жогун текшерүүгө чейин өз алдынча чече алат деп ишенсе болобу? Бул суроого жооп кубандырат. Анткени Венера Сабурова өзү тестирлеп көрүп, көптөгөн суроолорго азыр эле жооп алууга болорун түшүнгөн.
“Мисалы, унаа оңдоочу жай - СТО ачууну каалап, кандай салык төлөй турганыңызды билбей жатсаңыз, болжолдуу кирешеңизди көрсөтсөңүз ЖИ эсептеп берет. Мен баарын кайра текшерип көрдүм, абдан туура эсептейт экен. Ошондой эле варианттарды салыштырса болот. Мисалы, белгилүү бир ишмердик үчүн кайсынысы пайдалуураак: патент менен иштөөбү же жеке ишкер катары катталуубу”, — дейт Сабурова.
Мындан ары сервистин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландалууда. Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин директору Шамшыбек Качкынбай уулунун айтымында, AiSalyk кызматына салыктык кызматтарга байланыштуу жаңы функциялар акырындык менен кошулат.
“Келечекте аны дагы окутууну улантабыз. Ошондо сиз суроо берип, жооп гана албастан, мисалы, бот сиз үчүн отчет даярдап же салык декларациясын тапшырып бере тургандай мүмкүнчүлүктөрдү да киргизебиз”, — дейт Шамшыбек Качкынбай уулу.
«Акчабар» редакциясы AiSalykтын иш жүзүндө кандай иштей турганын текшерип көрдү. Ботко көпчүлүктү кызыктырган жөнөкөй суроону бердик: “Менин салык боюнча карызым барбы?”
Экранда журналдарды тынымсыз барактап жаткан тыйын чычкан пайда болду. Бул жоопту күтүп жаткандагы анимация экен. Ал “документтерди изилдеп” жатканда, биз салык боюнча жыйынтыкты күттүк. Жооп бир мүнөткө жетпей келди - карыз жок экен. Бул текшерүүнүн жыйынтыгы бизди кубантты. Анткени биз салыктар тууралуу гана жазбастан, өзүбүз да салык төлөйбүз.

