Akchabarsearch
Кыргызстанда бизнес үчүн эрежелер кандай өзгөрүүдө?

Жарыяланган

2026-19-10, 09:23

Кыргызстанда бизнес үчүн эрежелер кандай өзгөрүүдө?

Кыргызстанда Салык кодексине өзгөртүүлөрдүн кезектеги топтому даярдалууда. Ага ылайык, ишкерлерге салык карыздарын бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү, текшерүүлөр учурунда кошумча кепилдиктерди киргизүү жана айып пулдардан коргоонун жаңы механизмдерин ишке киргизүү сунушталууда. Колдоо чараларынын айрымдарына артка карай күч берүү каралып, алар ушул жылдын август айынан тартып колдонулат. Тигүү ишканалары салыктык жеңилдиктерге ээ болушту, ал эми базар өкүлдөрү мамлекеттик органдар менен айып санкцияларын кайра карап чыгуу боюнча макулдашышты. Бирок бул жеңилдиктерден тышкары, салык системасы бизнестин өнүгүшүнө канчалык деңгээлде өбөлгө түзүп жатканы тууралуу кеңири маселе турат. «Акчабар» басылмасы бул тууралуу Салык консультанттары палатасынын башкармалыгынын төрайымы Татьяна Ким, “Легпром” ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу жана Кыргызстан базарлары ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев менен маектешти.

Эмне үчүн Салык кодексине кайрадан өзгөртүүлөр киргизилип жатат?

Кыргызстандын салык мыйзамдарына 2026-жылдын январь жана август айларында өзгөртүүлөр киргизилген. Эми парламент кезектеги түзөтүүлөр топтомун карап жатат. Салык кодексинде өзгөртүүлөрдү жылына бир жолу киргизүү принциби каралганы менен айрым учурларда, анын ичинде президенттин жарлыктарын ишке ашырууда өзгөчөлүктөргө жол берилет.

Салык консультанттары палатасынын башкармалыгынын төрайымы Татьяна Ким өзгөртүүлөрдүн жыштыгына чектөө бекеринен киргизилбегенин белгилейт.

“Буга чейин жылына 10-20 жолу түзөтүүлөр киргизилчү. Аларга адистердин өзү да көз салып турууга кыйналчу, жөнөкөй салык төлөөчүлөрдү айтпай эле коёлу”, — дейт ал. Ошол эле учурда эксперт салык мыйзамдарын жаңыртып туруу зарыл экенин белгилейт.

Анын айтымында, бул экономикадагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Азыркы түзөтүүлөрдүн бир бөлүгү Санариптик кодекстин кабыл алынышына, дагы бир бөлүгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын укуктук режимин түзүүгө байланыштуу. Ошондой эле жалган операцияларды аныктоо үчүн “товарсыз жеткирүү” жана “товардын келип чыгуу булагы” түшүнүктөрүн мыйзамда бекитүү сунушталууда.

“Салык мамилелери татаал, идеалдуу кодекс болбойт”, — деп белгилейт Салык консультанттары палатасынын жетекчиси.

Бирок ишкерлер үчүн өзгөртүүлөрдүн алдын ала болжолдоого боло турганы маанилүү. Айрыкча узак мөөнөттүү келишимдерди түзүп, инвестицияларды пландаштырган компаниялар үчүн бул зарыл.

Салык карыздарын бөлүп төлөөгө уруксат берилет

Татьяна Ким эң маанилүү демилгелердин бири катары салык карызын төлөө мөөнөтүн сот аркылуу жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн белгилейт.

Учурда сот тарабынан тастыкталган салык карызы бар компаниянын мүлкү мажбурлап өндүрүп алынышы мүмкүн. Убактылуу каржылык кыйынчылыктарга туш болгон ишкана үчүн бул анын ишин токтотуу коркунучун жаратышы ыктымал.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр карызды төлөө тартибин өзгөртүү жана аны белгиленген график боюнча бөлүп төлөө өтүнүчү менен сотко кайрылууга мүмкүндүк берет.

“Бул салыктан бошотуу дегенди билдирбейт. Карыз таанылат, бирок иштеп жаткан ишкананы сактап калуу менен аны төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Менин оюмча, бул абдан маанилүү өзгөртүү”, — деп түшүндүрөт Ким.

Мындай ыкма эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берет. Мамлекет карызды өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калат, ал эми ишкана ишин улантып, кызматкерлерине айлык төлөп, келечекте салык төлөмдөрүн камсыздай алат. Ошол эле учурда карызды бөлүп төлөөгө уруксат автоматтык түрдө берилбейт - акыркы чечимди сот кабыл алат.

Эксперт белгилеген дагы бир оң өзгөрүү ашыкча төлөнгөн салыктарды салык карыздарын гана эмес, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарды жабууга да багыттоо мүмкүнчүлүгү.

Ошондой эле салыктарды туура эмес эсептөө боюнча документтер менен тастыкталган маалыматтар жок болсо, укук коргоо органдарынын демилгеси менен жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө чектөөлөрдү күчөтүү сунушталууда.

Айып пул салуудан мурда ишкерге каталарды оңдоого мүмкүнчүлүк берилет

Өзгөртүүлөрдүн дагы бир багыты ишкерлердин жоопкерчилигине карата мамилени кайра карап чыгуу.

Кыргызстан базарлары ассоциациясынын президенти, “Дордой” ассоциациясынын аналитикалык маселелер боюнча вице-президенти Сергей Пономарев акыркы убакта Мамлекеттик салык кызматы менен диалог кыйла конструктивдүү болуп калганын белгилейт. Анын пикиринде, буга ведомствонун жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр да олуттуу таасир эткен.

“Баарынан мурда кеп адамдар жөнүндө болуп жатат. Алмамбет Шыкмаматов баштаган жаңы жетекчилер, анын ичинде орун басары Кубанычбек Ысабеков келди. Алар ачык-айрым, баарлашууга даяр, башкаларды угуп, түшүнө билген адамдар”, — деди Сергей Пономарев.

Мисал катары ал базар ээлерине салынуучу айып пулдарды талкуулоону келтирет.

Буга чейин тармактын өкүлдөрү ижарачылардын жана субижарачылардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн базар ээлерине бир миллион сом айып пул салуу мүмкүнчүлүгүнө бир нече жолу каршы чыгышкан.

“Мисалы, ижарачы же субижарачы беш миң сомдук мыйзам бузууга жол берсе, базар ээсине бир миллион сом айып пул салынышы мүмкүн. Биз мындай жаза мыйзам бузууга салыштырмалуу өтө эле чоң экенин түшүндүрдүк”, — дейт ал.

Пономаревдин айтымында, Мамлекеттик салык кызматынын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айып пулдун өлчөмүн беш эсе азайтып, 200 миң сомго түшүрүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Бирок ал эң маанилүү жыйынтык катары жоопкерчиликке тартуу тартибин өзгөртүү сунушун эсептейт.

“Текшерүүнүн негизги максаты эмне? Ишкерге айып пул салуу эмес, анын ишмердүүлүгү мыйзамга ылайык болушун камсыз кылуу. Эгер текшерүүчүлөр мыйзам бузуу аныктаса, адегенде аны жоюу боюнча эскертме берүүгө эмне үчүн болбосун?” — деген суроо салат Пономарев.

Анын айтымында, тараптар ишкерлерге аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 30 күн берүү сунушун макулдашышкан. Эгер белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаса, анда айып пул салынышы мүмкүн.

“Салык төлөөчүгө урмат менен мамиле кылуу керек. Бизнес жүргүзүү татаал иш. Ишкер бир нерсени билбей калышы, эске албай же байкабай кетиши мүмкүн. Баарыбыз эле адамбыз”, — деп белгилейт ал.

Талкууланып жаткан өзгөртүүлөр мыйзамдарда бекитилиши керек. Алардын акыркы мазмуну жана жаңы тартип колдонула турган мыйзам бузуулардын түрлөрү кабыл алынган редакцияга жараша болот.

Мындан тышкары, базар ээлеринин субижарачылардын аракеттери үчүн жоопкерчилиги да талкууланды. Пономаревдин айтымында, келишимдик мамилелерди эске алуу менен ар бир тараптын милдеттерин так аныктоо боюнча макулдашууга жетишилген.

Базарлар ассоциациясы өз мүчөлөрү үчүн ижара жана субижара келишимдеринин типтүү үлгүлөрүн иштеп чыгууну пландап жатат. Анда тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги көрсөтүлөт.

“Мамлекет менен бизнес биринчи кезекте өнөктөш болушу керек. Көзөмөл зарыл, бирок ал түшүнүктүү, өлчөмгө ылайык жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга багытталган болушу керек”, — деп баса белгилейт Пономарев.

Тигүүчүлөрдүн үнөмү жүз миңдеген сомго жетет

Айрым өзгөртүүлөр азырынча талкууланып жатса, жеңил өнөр жай ишканалары мамлекеттик колдоо чараларын колдоно башташты.

«Акчабарга» берген маегинде “Легпром” ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу билдиргендей, 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль ишканалары, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү маркетплейстерде товар саткандар бирдиктүү салыктан бошотулган.

Мындай чечим Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларында кыргызстандык ишкерлерге да таасир эткен окуялардан кийин кабыл алынган.

“Биз башка ассоциациялар менен биргеликте Экономика министрлигине, Мамлекеттик салык кызматына жана президенттин администрациясына кайрылууларды жөнөттүк. Жооп дээрлик дароо болду. Коңшу өлкөлөрдө бул кырдаалга кандай чара көрүү керектиги дагы талкууланып жатканда, биздин мамлекеттик органдар ишкерлерди колдоо маселеси менен алектенип жатышкан”, — дейт ал.

Азамат Керимбек уулунун айтымында, маркетплейстер аркылуу кийим-кечени өз алдынча саткан өндүрүүчүлөр жүгүртүүдөн 0,25 пайыз өлчөмүндө бирдиктүү салык төлөшөт. Ал эми даяр продукцияны кайра саткан ишкерлер үчүн бул көрсөткүч 2 пайызды түзөт.

Айына бир миллион сомдук жүгүртүүсү бар сатуучу 2 пайыздык чен менен 20 миң сом салык төлөйт. Жүгүртүү канчалык чоң болсо, үнөм ошончолук жогору болот.

“Мен, мисалы, бир айда орточо 100 миң сомго жакын бирдиктүү салык төлөйм. Беш айда үнөмүм болжол менен 500 миң сомду түзөт. Бул менин командамдын бир айлык эмгек акы фондуна же электр энергиясына жана башка чыгымдарга жетет”, — деп түшүндүрөт ишкер.

Азамат Керимбек уулу тармакты мамлекеттик колдоонун башка чараларын, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүүнү да оң баалайт.

Анын маалыматына караганда, тигүү ишканаларын каржылоо программасына эки транштын алкагында болжол менен 8 миллиард сом каралган. Жылдык үстөгү 0 пайыз болгон насыяларды 500гө жакын ишкана алган.

Анын айтымында, арыздарды кароодо компаниялардын салык тарыхы да эске алынган.

“Азыр банктар акыркы үч жылда канча салык төлөгөнүңдү сурашат. Ишмердүүлүгүң канчалык ачык-айкын болуп, салык тарыхың канчалык жакшы болсо, каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүң ошончолук жогору болот”, — дейт “Легпром” ассоциациясынын директору.

Ишкердин пикиринде, мындай ыкма бизнестин көмүскөдөн чыгышына кошумча түрткү берет. Ишмердүүлүктү мыйзамдуу жүргүзүү жана салык төлөө милдет гана болбостон, мамлекеттик колдоо алууда артыкчылыкка да айланууда.

Бардык чыгымды ири бизнес көтөрөт

Ошол эле учурда Татьяна Ким салыктык өзгөрүүлөрдү айрым жеңилдиктердин гана эмес, алардын экономиканын түзүмүнө тийгизген таасиринин негизинде да баалоону сунуштайт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда атайын салык режимдерин колдонуу кыйла кеңейди. Бул чакан ишкерлер үчүн эсеп жүргүзүүнү жеңилдетип, административдик чыгымдарды азайтат.

Бирок компания чоңойгон сайын салык салуу шарттары да өзгөрөт.

“Биз чакан бизнести эсеп жүргүзүүнүн ачык-айкын жана бирдиктүү эрежелерине өткөрбөй, тескерисинче, жөнөкөйлөтүлгөн режимде калууга кызыктыруучу шарттарды түзүп жатабыз. Натыйжада административдик жана салыктык жүк орто жана ири бизнестин мойнуна барган сайын көбүрөөк түшүүдө”, — дейт ал.

Эксперттин айтымында, ири компанияларды көзөмөлдөө оңой, анткени алардын толук бухгалтердик эсеби, мүлкү, документтери жана аброюна байланыштуу тобокелдиктери бар. Бирок салык режимдеринин ортосундагы олуттуу айырмачылыктар ишкерлердин бизнесин кеңейтүү боюнча чечимдерине таасир этиши мүмкүн.

“Ири салык төлөөчүнү көзөмөлдөө оңой. Бирок салык системасынын адилеттүүлүгүн мамлекет үчүн аны башкаруунун ыңгайлуулугуна гана карап баалоого болбойт”, — деп белгилейт Татьяна Ким.

КНСти жөнөкөй салык менен алмаштырууга болобу?

Татьяна Ким салык саясатына байланыштуу дагы бир маанилүү маселени талкуулоону сунуштайт. Анын пикиринде, кошумча нарк салыгынын азыркы модели Кыргызстандын экономикасынын өзгөчөлүктөрүнө канчалык туура келет деген суроо бар.

Кошумча нарк салыгы бюджеттин эң ири киреше булактарынын бири бойдон калууда. Бирок эксперттин айтымында, көптөгөн жеңилдиктер жана атайын салык режимдери аны башкарууну татаалдаштырат.

Айрым компаниялар КНС төлөсө, башкалары бул салыктан бошотулган. Натыйжада сатып алуу шарттарында, салыктык эсеп жүргүзүүдө жана товарларды сатып алууда төлөнгөн КНСти эсепке алуу мүмкүнчүлүгүндө айырмачылыктар жаралат.

“КНС бюджетке түшкөн эң ири кирешелердин бири. Бирок менин оюмча, биз аны натыйжалуу башкарууну дагы эле үйрөнө элекпиз”, — деп эсептейт Ким.

Альтернатива катары ал импортко салык салууну сактап, өлкө ичиндеги сатууларга бир кыйла универсалдуу эрежелерди колдонуу моделин карап чыгууну сунуштайт.

“КНСтин ордуна импорт салыгы киргизилип, сатуудан алынуучу салык кеңири колдонулуп, бирдиктүү модель боюнча алынат”, — деп түшүндүрөт эксперт.

Ошол эле учурда Ким мындай реформаны ишке ашыруу үчүн олуттуу экономикалык негиздеме жана кылдат эсептөөлөр талап кылынарын белгилейт.

Жеткирүүчүнүн катасы сатып алуучуга көйгөй жаратпашы керек

Татьяна Ким көтөргөн дагы бир маселе электрондук эсеп-фактураларга байланыштуу.

Мыйзам долбоорунда тиешелүү эсеп-фактура жараксыз деп табылса, пайда салыгын эсептөөдө чыгымдарды таанууга чектөө киргизүү каралган.

Бул өзгөртүүнүн максаты товар жеткирилбеген жасалма операцияларга каршы күрөшүү. Бирок эксперт эскерткендей, электрондук эсеп-фактура товар иш жүзүндө жеткирилбеген учурда гана эмес, жеткирүүчүнүн техникалык катасынан улам да жараксыз деп табылышы мүмкүн.

“Техникалык катаны алдамчылыктан айырмалай билүү керек”, — деп белгилейт ал.

Мисалы, компания товарды сатып алып акчасын төлөгөн жана аны өндүрүштө пайдаланган. Бирок бир нече жылдан кийин жеткирүүчү эсеп-фактураны туура эмес толтурганы аныкталган.

Мындай учурда сатып алуучу иш жүзүндө тарткан чыгымдарын эсепке алуу укугунан ажырап калуу коркунучу бар.

“Эгер жеткирүүчү эсеп-фактураны толтурууда ката кетирсе, эмне үчүн сатып алуучу жооп бериши керек? Ал товар үчүн акча төлөп, аны алып, өз ишмердүүлүгүндө пайдаланган. Сатып алуучу жеткирүүчүнүн ар бир аракетин көзөмөлдөй албайт”, — деп түшүндүрөт Ким.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы билдирмелер системасын иштеп жатат. Ал келечекте ишкерлерге мурда алынган документтердин статусу өзгөргөнү тууралуу кабар алууга мүмкүндүк берет.

Эксперт бул демилгени оң баалап, жасалма операциялар менен документтерди толтуруудагы каталардын кесепеттерин өз-өзүнчө кароону сунуштайт. Татьяна Кимдин айтымында, Мамлекеттик салык кызматы талаштуу ченемди тактоо зарылдыгына алдын ала макул болгон, бирок талкуу дагы эле уланууда.

Ушундай эле маселе чекене дүкөндөрдөн товар сатып алууда да жаралат. Документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү максатында, көзөмөл-кассалык машиналары колдонулган жана башка айрым учурларда чакан соода ишканаларына электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) тариздебөөгө уруксат берилет. Бирок корпоративдик сатып алуучуларга чыгымдарды эсепке алуу үчүн бул документ талап кылынышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу эксперт сатып алуучунун электрондук эсеп-фактураны талап кылуу укугун сактап калуу зарыл деп эсептейт. Бул чакан бизнес үчүн документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү орто жана ири ишканалар менен кызматташууга тоскоол болбошу үчүн керек. Же болбосо, ККМ чектин негизинде чыгымдарды эсептен чыгарууга уруксат берүү сунушталууда.

Салыктык көзөмөлдөн өнөктөштүккө өтүү

Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр мамлекет менен ишкерлердин мамилеси акырындык менен салык ставкалары жана отчеттуулук менен гана чектелбей бара жатканын көрсөтөт.

Карыздарды бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү убактылуу каржылык кыйынчылыктарга туш болгон ишканаларга ишин улантууга шарт түзөт. Адегенде мыйзам бузууларды жоюуга убакыт берип, андан кийин айып пул салуу сунушу көзөмөлгө болгон мамилени өзгөртөт. Тигүүчүлөргө берилген жеңилдиктер жүгүртүү каражаттарын сактап калууга жардам берсе, насыя берүүдө салык тарыхын эске алуу бизнести мыйзамдуу жүргүзүүгө түрткү берет.

Ошол эле учурда салык системасында дагы талкуулоону талап кылган маселелер бар.

“Бизнес алдын ала кандай шарттарда иштей турганын түшүнүшү керек. Өзгөртүүлөр сөзсүз болушу мүмкүн, бирок эрежелерди бир нече ай сайын түп-тамырынан өзгөртүү пландаштырууну кыйындатат”, — деп белгилейт Татьяна Ким.

Сергей Пономарев дагы бир маанилүү принципти белгилейт: “Мамлекет менен бизнес биринчи кезекте өнөктөш болушу керек”.

Акырында, салыктык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү же берилген жеңилдиктердин саны менен гана өлчөнбөйт. Жаңы эрежелер ишканалардын мыйзамдуу иштешине, инвестиция салуусуна жана өндүрүшүн кеңейтүүсүнө канчалык жардам берери да маанилүү.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанда бизнес үчүн эрежелер кандай өзгөрүүдө?

    Кыргызстанда Салык кодексине өзгөртүүлөрдүн кезектеги топтому даярдалууда. Ага ылайык, ишкерлерге салык карыздарын бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү, текшерүүлөр учурунда кошумча кепилдиктерди киргизүү жана айып пулдардан коргоонун жаңы механизмдерин ишке киргизүү сунушталууда
    2026-19-10 03:23:54
  • Салыкты ботко ишенип тапшырса болобу? «Акчабар» AiSalykты сынап көрдү

    Жакында Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө суроолоруна тезирээк жооп алууга жардам бере турган жасалма интеллектке негизделген консультантты ишке киргизди. Бул бот жарандар көнүп калган салык кызматынын колл-борборунун ишин натыйжалуу аткара алабы?
    2026-28-09 14:08:10
  • 2026-2028-жылдары Кыргызстанда кимдер салык төлөбөйт. Салык жеңилдиктерин талдоо

    Кыргызстандын республикалык бюджети 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга каралган пландуу мезгилге кабыл алынды. Аны менен катар мамлекет салык жеңилдиктери боюнча да “оюн эрежелерин” бекитти. “Акчабар” редакциясы кайсыл жеңилдиктер күчүндө калып жатканын, кайсылары узартылганын жана жакынкы жылдары кимдер салык төлөбөй турганын түшүндүргөнгө аракет кылат
    2026-03-02 05:35:15
  • Быйыл салык төлөөдө кандай бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат?

    2024-жылдын аягында Кыргызстанда айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынып, учурда бул мыйзам президенттин кол коюушун күтүп жатат. Маалыматка ылайык, жаңы жоболор бизнеске терс таасирин тийгизип, салык жүгүн жана көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн экендиги айтылууда.
    2025-31-01 12:07:48