Жарыяланган
2025-21-07, 17:09Бишкектин турак жай кыймылсыз мүлк рыногунда батирдин баасы менен анын вертикалдуу жайгашуусунун ортосундагы туруктуу байланыш сакталып келе жатат. Бул жылдын алгачкы беш айындагы сатып алуу-сатуу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлгөн талдоого ылайык, ортоңку кабаттарда жайгашкан батирлер биринчи же эң жогорку кабаттардагы батирлерге караганда дайыма жогору бааланат.
Жер ресурстары жана кадастр боюнча мамлекеттик агенттиктин изилдөөсү борбор калаанын түштүк кичирайондорун камтыды — 3-кичирайондон 12-кичирайонго чейин, анын ичине “Асанбай”, “Көк-Жар” жана “Улан” кичирайондору да кирет. Изилдөөдө эң кеңири таралган батир түрлөрү — 104-серия, 105-серия жана индивидуалдуу пландоодогу батирлер негиз катары алынган.
Ошентип, 104-сериядагы көп кабаттуу үйлөрдө баа жагынан артыкчылык экинчи жана үчүнчү кабаттарда жайгашкан эки жана үч бөлмөлүү батирлерде сакталууда. Маселен, экинчи кабаттагы эки бөлмөлүү батир биринчи кабаттагыдан орто эсеп менен 190 миң сомго, ал эми жогорку кабаттарга караганда 470 миң сомго кымбат.
Үч бөлмөлүү батирлерде экинчи кабат менен төртүнчү кабаттын ортосундагы баа айырмасы 350 миң сомдон ашат, ал эми биринчи кабаттагы батирлерге салыштырмалуу 270–300 миң сомду түзөт.
105-сериядагы үйлөрдө эң кымбат бааланган батирлер — бул үчүнчү кабаттагы бир бөлмөлүү батирлер. Алардын баа артыкчылыгы биринчи кабаттагы батирлерге салыштырмалуу 480 миң сомду, ал эми тогузунчу кабаттагы батирлерге салыштырмалуу 440 миң сомду түзөт.
Төртүнчүдөн алтынчы кабатка чейин жайгашкан эки бөлмөлүү батирлердин баасы эң төмөнкү же эң жогорку кабаттардагы батирлерге салыштырганда 820 миң сомго чейин жогору болууда. Ушундай эле тенденция үч бөлмөлүү батирлерде да байкалат — 2ден 8-кабатка чейинки батирлердин баасы биринчи же акыркы кабаттагыларга караганда 650 миңден 1 миллион сомго чейин кымбат болушу мүмкүн.
Индивидуалдуу пландоодогу батирлерде да ортоңку кабаттар үчүн баа артыкчылыгы сакталып турат. Бир бөлмөлүү батирлер эң жогорку баага алтынчы кабатта жетсе, эки бөлмөлүүлөр — бешинчи кабатта, үч бөлмөлүүлөр — төртүнчү кабатта, ал эми төрт бөлмөлүү батирлер дагы бешинчи кабатта эң кымбат бааланат. Бардык учурларда 2-кабаттан 6-кабатка чейинки аралыкта жайгашкан батирлер үчүн туруктуу баа артыкчылыгы байкалууда.
“Орто кабаттагы” батирлерге болгон суроо-талап сатып алуучулардын комфортту, инфраструктураны жана жеткиликтүүлүктү тең салмакта кароосун чагылдырат. Себептери түшүнүктүү: биринчи кабат — бул ызы-чуу, нымдуулук жана терезе алдындагы тынымсыз көчө кыймылы; акыркы кабат — жайында ысык, кышында муздак жана чатырдан суу кетүү коркунучу. Ал эми экинчи, үчүнчү, төртүнчү кабаттар — бул эң ыңгайлуу, коопсуз жана рынок көрсөткөндөй эң кымбат бааланган “алтын орто” болуп эсептелет.
Ошол эле учурда, “Акчабар” мурда жазгандай, батирлер жөнөкөй жарандар үчүн улам жеткиликсиз болуп баратат. Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгында батирлердин баасы 27,5%га өскөн, ал эми борбордо 1 чарчы метрдин орточо баасы 95,9 миң сомго жеткен (+30,7%). Баалардын тез өсүшүнүн фонунда турак жайдын жеткиликтүүлүк индекси 7 жылдан 7,6 жылга чейин начарлады. Бул орточо кыргызстандык бардык маянасын топтосо да, стандарттуу турак жай сатып алуу үчүн дээрлик сегиз жыл эмгектениши керек дегенди билдирет. Мында кеп кымбат же элиталык турак жай эмес, болгону 54 чарчы метрлик стандарттуу эки бөлмөлүү үй тууралуу болууда.
Республикада турак жайга болгон баалардын өсүшүнүн фонунда кыймылсыз мүлк менен операциялардын кыскарышы белгиленген. Жалпысынан алганда соода көлөмү 9,1% га төмөндөдү. 2024-жылы батирлер менен 27 миң 869 транзакция жүргүзүлдү, бул жигердүүлүктүн 8% кыскарганын билдирет.
Батир баасы калктын кирешесинен тез өсүп жаткан шартта, турак жай жеткиликтүүлүгү төмөндөп баратат. Бирок ушундай кырдаалда да айрым сатып алуучулар батирдин кайсы кабатта жайгашканы үчүн кошумча төлөөгө даяр. Ошентип, кабат борбор калаанын кыймылсыз мүлк рыногунда баа түзүүчү негизги факторлордун бири бойдон калууда. Эгер батириңиз өтө төмөн да, же жогорку кабатта эмес болсо — демек, сиз үйдүн эң кымбат, эң баалуу жеринде жашап жатасыз десек болот.