Жарыяланган
2025-30-09, 07:35Борбор калаа кайрадан өлкөдөгү эң кымбат шаар макамына татыды. Бишкекте жеке турак үйдүн орточо баасы жыл башынан сегиз ай ичинде 16,2 млн сомго жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 35,1% жогору.
Эң кымбат турак жайлар боюнча лидерликти Октябрь району алды. Бул жакта үйдүн орточо баасы дээрлик 24,6 млн сомго жетет. Салыштыруу үчүн айтсак, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунда орточо баа 12-16 млн сомдун чегинде кармалып турат.
2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу баалар борбор калаанын бардык райондорунда жогорулаган. Эң жогорку өсүш Октябрь районунда байкалган — +41,1%. Андан кийинки орунда Биринчи Май району турат — +36,69%. Ал эми Свердлов жана Ленин райондорунда өсүш дээрлик окшош: 29,97% жана 29,46%.
Жеке турак үйлөрдүн баасынын өсүшү жер тилкелеринин тартыштыгы менен түшүндүрүлүүдө. Курулуш компаниялары барган сайын жерлерди көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн сатып алып, бул жагдай баанын көтөрүлүшүнө түрткү болууда. Мындай көрүнүш Ош шаарына да тиешелүү.
Адатта турак жай баасы арзан болгон Ошто да өсүш байкалууда. Алсак, соңку учурда жеке үйлөрдүн баасы 19,3%га кымбаттады. Мисалы, өткөн жылы ушул маалда үйдү орточо 6,8 млн сомго сатып алууга мүмкүн болсо, азыр анын баасы кеминде 8 млн сомду түзүп жатат.
Жеке үйлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү Ош шаарында батирлерге болгон суроо-талаптын өсүшүнө түрткү берген болушу мүмкүн. Январь-август айларында түштүк борбордо 2 миң 792 бүтүм катталып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 74,6%га көп болду. Ал эми Бишкекте тескерисинче, активдүүлүк азайган: 7 миң 576 бүтүм — бул 2024-жылга салыштырганда 4,3%га аз.
Жалпысынан алганда, Бишкектеги батирлердин орточо баасы да каралып жаткан мезгилде 19,9%га жогорулады. Эң көп 308-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер кымбаттаган, алардын баасы 21,17% өстү. Ал эми эң аз өзгөргөнү — ушул эле сериядагы үч бөлмөлүү батирлер, алардын баасы бир жыл ичинде 11,52%га жогорулаган.
Бишкектеги батирлердин баасынын өзгөрүшү мындай болду:
Бир бөлмөлүүлөр:
Эки бөлмөлүүлөр:
Үч бөлмөлүүлөр:
Эң көп баанын өсүшү төрт бөлмөлүү индивидуалдык типтеги батирлерде, көрсөткүч 37,72% түзгөн.
Ошто эң көп баа 104 жана 105-сериядагы батирлерде жогорулады:
Индивидуалдык батирлердин баасы анчалык өскөн эмес:
Маалыматтарга караганда, расмий инфляция 8,8% (2024-жылдын июлуна карата) болсо да, турак жай баалары андан 1,5-2 эсе тезирээк өсүүдө.
Ошентип, 2024-жылы 54 чарчы метрлик эки бөлмөлүү батирди сатып алуу үчүн Кыргызстанда бир үй-бүлө 7,6 жыл акча чогултушу керек. Өткөн жылы бул мөөнөт алты айга кыскарган. Мунун себеби айдан ачык: кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү инфляциядан эле эмес, эмгек акынын да өсүшүнөн да ашып баратат.