
Жарыяланган
2026-18-06, 15:201956-жылы негизделген Чүй мектеп-интернаты БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен быйыл инновациялык үлгүлүү мектепке айланды. Окуу жайында мектеп наабайканасы ачылып, күн панелдери орнотулуп, мектептин аймагына бакча жана күнөскана жасалды. Эми окуу процесси теориялык билим менен практикалык сабактарды айкалыштырып уюштурулуп, окуучуларга бүгүнкү эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Наабайканадан жаңы бышкан нан, булочка жана круассандардын жыты чыгып турат. Үстөлдөрдө жана мештердин жанында мектептин тарбиялануучулары иштеп жатышат. Алар камыр жууруп, азыктарды калыпка салып, токочторго крем даярдашат. Бул жерде мындай иштер коноктор үчүн уюштурулган бир жолку акция же көрсөтмө эмес. Наабайкана мектептин күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланып, балдарга алгачкы кесиптик көндүмдөрдү берип, өз алдынча жашоого даярдаган окуу аянтчасы болуп калды.
Бүгүн мектеп-интернат билим берүүдөгү заманбап ыкмалар балдардын ден соолугуна кам көрүү, кесиптик даярдык жана туруктуу өнүгүү менен айкалыша аларын көрсөткөн үлгүгө айланып жатат.
Эң көрүнүктүү долбоорлордун бири мектептин наабайканасы болду. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен интернаттагы бөлмөлөрдүн бири толугу менен оңдолуп, заманбап нан бышыруучу жабдуулар, эмеректер жана керектүү шаймандар менен камсыздалды.
Бүгүн бул жерде окуучулар нан азыктарын жасоону үйрөнүп, ашпозчулук жана кондитердик иштин негиздерин өздөштүрүп жатышат. Алган көндүмдөрү мектептеги тамак-ашты түрлөндүрүүгө гана эмес, келечекте жумушка орношууга да мүмкүнчүлүк ачат.

Он беш жаштагы Виктор круассандын камырын ишенимдүү иштетет. Анын теңтуштары келечектеги кесибин эми гана тандай баштаган учурда, ал ар кандай токоч-нан азыктарын жасоону үйрөнүп алган.
“Мага тамак жасоо жагат. Камырга байланыштуу иштердин баарын жасай алам. Эң жакшы көргөнүм - картошка салынган куурулган пирожки”, — дейт өспүрүм.
Виктор келечекте автоунаа оңдоо жана ширетүүчү кесипти өздөштүрүүнү каалайт. Ошентсе да, наабайканада алган тажрыйбасын жашоодо пайдалуу көндүм деп эсептейт.
Анын жанындагы он төрт жаштагы Айша. Бул күнү ал круассандар үчүн крем даярдоодо. Айтымында, окуучулар азыр ар кандай кремдерди жасаганды билишет.
Бул процессти мектептин ашпозчусу Дильбар Чыңгышбаева көзөмөлдөп, балдарга жардам берип турат.
“Биздин балдар самсы, булочка, круассан жана башка токочторду жасай алышат. Түштөн кийинки жеңил тамакка дайыма өзүбүздүн азыктар берилет”, — дейт ал.
2025-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен интернаттын 30 тарбиялануучусу Республикалык компетенттүүлүк борборунун базасында нан бышыруу жана ашпозчулук багыттары боюнча кесиптик окуудан өткөн. Окууну аяктагандан кийин алардын баарына мамлекеттик үлгүдөгү дипломдор тапшырылган.

Толук жабдылган мектеп наабайканасынын ачылышы менен окуунун бир бөлүгүн эми түздөн-түз интернаттын өзүндө, тажрыйбалуу адистердин катышуусунда өткөрүүгө мүмкүн болду. Бул көбүрөөк окуучуларды камтууга жана билим берүү процессин жеткиликтүүрөөк кылууга шарт түзөт.
Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, мектеп наабайкананы мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-план иштеп чыккан. Эсептөөлөргө ылайык, өз өндүрүшү айына 60 миң сомго чейин киреше алып келиши мүмкүн. Бул каражат мектепти өнүктүрүүгө жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга багытталат.
Долбоордун дагы бир маанилүү бөлүгү мектептин жанындагы бакча жана күнөскана болду.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектептеги тамактануунун туруктуу моделин өнүктүрүп келет. Бул модель жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын пайдаланууга негизделген. Анын алкагында мектептер фермерлерден экологиялык таза азыктарды сатып алып, бир жагынан жергиликтүү экономиканы колдосо, экинчи жагынан балдардын тамактануусунун сапатын жакшырта алышат.

Чүй мектеп-интернатында өзүнүн окуу участогу түзүлгөн. Бул үчүн күнөскана курулуп, суу менен камсыздоо системасы орнотулуп, үрөндөр, бакча шаймандары, органикалык жер семирткичтер жана компост даярдоочу жабдуулар сатылып алынды.
Бүгүнкү күндө окуучулар жашылча-жемиштерди жана башка өсүмдүктөрдү өз алдынча өстүрүп жатышат. Ал эми алынган түшүм мектептин ашканасында колдонулат. Бирок бул долбоордун мааниси айыл чарба менен гана чектелбейт.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева белгилегендей, окуучулар биологияны жана экологияны китептен эле эмес, практика жүзүндө да үйрөнүшөт. Алар өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн кандай шарттар керек экенин, суу менен жерди натыйжалуу пайдаланууну, тамчылатып сугаруу технологияларын жана туруктуу дыйканчылыктын негиздерин өздөштүрүшөт.
Сапаттуу окутууну камсыздоо үчүн World Food Programme биология, география жана технология мугалимдерин, ошондой эле мектептин техникалык кызматкерлерин окутууну уюштурду.
Натыйжада күнөскана мектептин ашканасы үчүн жашылча берген жай гана болбостон, толук кандуу билим берүүчү аянтчага айланды.
Мектептин аймагына кубаттуулугу 40 киловатт болгон күн панелдери да орнотулган. Алар мекеменин электр энергиясына муктаждыгынын чоң бөлүгүн камсыздайт, анын ичинде ашкана менен наабайкананын ишин да колдойт. Кыш мезгилинде болсо ушул күн станциясынын жардамы менен мектеп-интернатты жылытуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бул долбоор экономикалык гана эмес, экологиялык жактан да маанилүү. Тышкы энергия булактарына көз карандылык азайып, айлана-чөйрөгө болгон жүк төмөндөйт. Ошол эле учурда күн панелдери окуучулар үчүн заманбап технологиялардын жандуу мисалы болуп кызмат кылат.
Балдар үчүн бул келечектин кесиптери менен таанышууга жана инновациялык чечимдердин турмушта кандай иштей турганын көрүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева белгилегендей, бүгүн мамлекет коопсуз жана ден соолукка пайдалуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Анын айтымында, ар бир бала жашоо шарттарына карабастан сапаттуу билим алууга, заманбап технологияларга жана өз мүмкүнчүлүгүн ачууга шарттарга ээ болушу керек.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накай мектептеги тамактануу өлкөнүн өнүгүшүнө салынган эң натыйжалуу инвестициялардын бири экенин белгиледи.
Эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматына ылайык, мектептеги тамактанууга салынган ар бир доллар балдардын ден соолугун жакшыртуу, билим деңгээлин көтөрүү жана адамдык капиталды өнүктүрүү аркылуу жыйырма долларга чейин экономикалык пайда алып келиши мүмкүн.
Ал ошондой эле Кыргызстандын 2027-жылдан тарта бир балага бөлүнгөн мектептеги тамактануу үчүн мамлекеттик каржылоону 40 сомго чейин көбөйтүү чечимин кубаттады.
Чүй мектеп-интернатында ишке ашырылган бул долбоор пилоттук катары каралууда. Бирок анын жыйынтыктары азыртан эле кеңири жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүп жатат.
Агартуу министрлиги мындай тажрыйбаны өлкө боюнча ондогон билим берүү мекемелерине жайылтууну пландап жатат. Келечекте ушундай эле долбоорлор Кыргызстандын 50 мектебинде ишке ашырылышы мүмкүн. Алардын айрымдары заманбап күнөсканалар менен камсыздалып, кээ бир мектептерге күн электр станциялары орнотулат.

Чүй мектеп-интернатынын тарыхы мектептеги тамактануу балдарды ысык тамак менен камсыз кылуудан алда канча кеңири мааниге ээ экенин көрсөтүп турат. Ал билим берүүнүн, кесиптик даярдоонун, социалдык колдоонун жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүү куралы боло алат.
Интернаттын тарбиялануучулары үчүн бул жөн гана жаңы имараттар же жабдуулар эмес. Бул - керектүү кесипке ээ болуу, өз күчүнө ишенүү жана чоң турмушка ишенимдүү кадам таштоо мүмкүнчүлүгү. Дал ушундай долбоорлор мектепти балдар билим гана эмес, келечек үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ала турган мейкиндикке айлантууга жардам берет.




