Жарыяланган
2026-04-02, 16:38"Санат Инвест" компаниясы менен үлүштүк негизде келишим түзгөн жарандар азыркыга чейин үйүнө жетпей келе жатканын айтып, бийликке кайрылды.
Үлүшчүлөрдүн бири Нуржамал (Нурия) Ишембиеванын айтымында, алар үчүн салынып жаткан көп кабат үй “Тыныстанов көчөсү 146” дарегинде жайгашкан.
"Биз 2014-жылы "Санат Инвест" курулуш компаниясы менен үлүштүк келишим түзгөнбүз. 2016-2017-жылы курулуш иштери бүткөрүлүп бизге берилмек, биз батирдин ички оңдоо иштерин өзүбүз жасамакпыз. Мына 12 жыл өттү. Ошондон бери акчадан жок же үйдөн жок оор абалда калдык", - дейт Ишембиева.
Үйлүү болобуз деген үмүт менен үлүшчүлөр тапкан-ташыган акчасын компанияга беришкен. Бири 20 миң доллар, башкасы толук сумманы төлөгөн.
“Жалпы 40ка жакын үлүшчү бар. Баарыбыз биригип 1 млн 643 миң доллар төлөп бергенбиз.
Мисалы мен 2014-жылы 2 млн сом салгам. Доллар менен эсептегенде 25 миң долларга жакын акча. Меники 25 миң доллар болсо, калгандарыныкы меникинен көп. 30 миң, 40 миң, 50 миң, 60 миң долларга чейин салгандар бар”, - дейт ал.
Дагы бир үлүшчү Бактыгүл Жакыпова эки батирдин акчасын толук төккөн.
"Менин азыркы күнгө чейин менин жашаганга үйүм жок", - дейт Жакыпова.
Башка үлүшчү Дарманбек Нурдинов 4 млн сомго жакын акча салган.
"Үй курулуп бүтпөйт же акчабызды ала элекпиз. Азыркы убакка чейин күтүп жүрөбүз. Президент Садыр Жапаровдон, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден жардам сурайбыз", - дейт ал.
"Санат Инвест" компаниясы 10 кабат үй курмак. Ал үйдү жанаша турган үч жер тилкенин аймагында салуу пландалган. Компания аталган жерлердин ээлери менен келишип түзүп, курулушун баштаган. Кийин 2017-жылдары бир жер тилке боюнча талаш чыгып, ал иш сотко өткөн. Соттогу жер талаш боюнча иш аяктаганга чейин үйдүн курулушу 7-кабатына жетип, токтоп калган.
Нуржамал (Нурия) Ишембиева билдиргендей, курулуш токтоп калганына байланыштуу берки эки жер тилкенин ээлери жерлерин кайтарып алуу үчүн сотко кайрылган.
“Алар үлүшчүлөр бар экенин билип туруп, "Санат Инвесттен" алган акчаларды кайтарбастан, компания менен келишимин бузуп, жерлерин өздөрүнө кайтарып алышат. Жети кабат имаратты бузуу тууралуу чечим чыгартып алышкан", - дейт ал.
Үлүшчүлөрдүн айтымында, үйлөрү бүткөрүлөрүнө көзү жетпегенден кийин 2019-жылы алар милицияга "Санат Инвесттин" ошол кездеги жетечилигинин үстүнөн арыз жазган. Милиция кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн. Бирок алардын пикири боюнча, тергөө ар тараптуу болбой калган. Тергөөдөгү калпыстыктын айынан аларга компания кайтара турган акчанын суммасы аз эсептелип калган. Бирок ошол акчаны да алар азыркыга чейин колуна ала элек.
Кийин соттун өкүмү менен компаниянын жетектчиси Бактыбек Сартбаев 2020-жылы жети жылга абакка кесилген.
Үлүшчүлөрдүн арасында пенсия курактагы адамдар көп болгондуктан, үйүн зарыгып күтүп жүрүп каза болгондор да бар.
Кайрылбаган жер калбаганын айткан үлүшчүлөр алардын көйгөйүн президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев гана чечип бербесе, башка органдар кайдыгер деген ойдо. "Бизге мамлекет кам көрүп, маселебизди чечип бербесе, башка ким чечип берет?" дейт алар.
"Азыркы өкмөт элге жардам кылып жатат. Эл менен чогуу иштешип жатат. Биздин ишибизди да четте калтырбастан, өз карамагына алып, маселебизди биз тарапка чечип беришсе дейген үмүтүбүз бар.
Биздин арабызда көбү пенсионерлер. Арабызда канчасы үйгө жетпей каза болуп калды. Дагы канча жыл күтүшүбуз керек?! Биздин үйдү мамлекеттик ипотекалык компанияга берип, үйдүн салынып бүткөрүлүшө жардам сурайбыз", - дейт Ишембиева.
Ишембиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден аларды жеке кабыл алууну суранды.
Үлүшчүлөр өлкө жетекчилиги алардын үнүн угуп, үйдү куруп бүткөрүүгө жардам берсе, көптөн күткөн жаңы өргөсүнө көчүп киребиз деген үмүттө.


