Akchabarsearch
БАЭнин ОПЕКтен чыгышы белгисиздикти күчөттү: Кыргызстанда дизелдик отун 11% кымбаттады
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2026-01-05, 13:03

БАЭнин ОПЕКтен чыгышы белгисиздикти күчөттү: Кыргызстанда дизелдик отун 11% кымбаттады

1-майдан тартып ОПЕК+ келишиминен Бириккен Араб Эмираттары расмий түрдө чыгып, мунай өндүрүү боюнча өз алдынча саясатка өттү. Ири өндүрүүчүлөрдүн биринин мындай чечими дүйнөлүк рыноктогу өзгөрмөлүүлүктү күчөтүшү мүмкүн, бирок анын чыныгы кесепеттери азырынча так аныктала элек.

Альянстан чыгуу ниети тууралуу Бириккен Араб Эмираттары 28-апрелде 3-майга белгиленген ОПЕК+ жыйынына бир нече күн калганда жарыялаган. Өлкө бул уюмдун курамында 1967-жылдан бери болуп келген.

"Бириккен Араб Эмираттарынын ОПЕКтен чыгуу чечими узак мөөнөттүү рыноктук тенденциялар менен шартталган саясат багытынын өзгөрүшүн чагылдырат. Биз ОПЕКке жана анын мүчө өлкөлөрүнө көп жылдык конструктивдүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз мындан ары да ишенимдүү, экологиялык жактан жоопкерчиликтүү жана көмүртек бөлүнүүсү аз продукцияны жеткирүү аркылуу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле дүйнөлүк рыноктордун туруктуулугун колдоого берилген бойдон калабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

2026-жылдын февраль айына карата Бириккен Араб Эмираттарында мунай өндүрүү суткасына 3,6 млн баррелди түзгөн, бул ОПЕКтин жалпы өндүрүш көлөмүнүн 12%дан ашыгын түзөт. Буга чейин ОПЕКтен Катар жана Ангола да чыгып кеткен, бирок анда уюм олуттуу кесепеттерсиз эле ишин уланткан.

Ошол эле учурда азыркы тапта кыйла маанилүү фактор Жакынкы Чыгыштагы абал бойдон калууда. Айрыкча мунай жана мунай продуктуларын жеткирүүнүн негизги багыттарынын бири болгон Ормуз кысыгы менен байланышкан коркунучтар буга чейин эле дүйнөлүк агымдарга жана бааларга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатовдун баамында, БАЭнин чыгышы дароо өзгөрүүлөргө алып келбейт. Негизинен бул кошумча белгисиздик фактору болуп, анын кесепеттери акырындап байкала баштайт.

"Бириккен Араб Эмираттарынын ОПЕКтен чыгышынын мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу азырынча айтууга эрте. Өлкөнүн ОПЕК жана ОПЕК+ алкагындагы маанисине карабастан, кыска мөөнөттө кескин өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Бирок бул факт уюмдун ичинде трансформация процесстерин башташы мүмкүн", — деп эсептейт Канат Эшатов.

Эксперт айрым мамлекеттер да бул мисалды ээрчиши мүмкүн экенин четке какпайт. Ошол эле учурда ал мунай продуктулары рыногу жалпысынан өзгөрмөлүү бойдон калып жатканын белгилеп, чыныгы кесепеттер ОПЕК жана ОПЕК+ ичиндеги баланс өзгөргөн сайын убакыт өтүшү менен гана түшүнүктүү болоорун айтат.

Кыргызстандын ички рыногунда, Мунай ташуучулар ассоциациясынын президентинин айтымында, күйүүчү май тартыштыгы жок. Жеткирүүлөр уланууда, бирок негизги суроо - кайсы баада? Эң чыңалган абал дизелдик отун сегментинде байкалууда.

Расмий статистиканын маалыматына ылайык апрель айында, 1инен 29уна чейин, күйүүчү майдын бардык негизги түрлөрү боюнча баалар өскөн. Эң аз АИ-92нин баасы жогорулап, +4,6% түзсө, эң көп дизелдик отун +11,1% өскөн. АИ-95тин бир литри дээрлик 5% кымбаттаган.

Ошентип, дал ушул дизелдик отун баалардын өсүшүнүн негизги драйвери болду.

Дүйнөлүк рынок жана ресурстар үчүн атаандаштык

Кыргызстандагы баалардын учурдагы өсүшү дүйнөлүк күйүүчү май рыногунда түзүлгөн кырдаал менен байланыштуу. Негизги факторлордун бири  мунай жеткирүүнүн эң маанилүү жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгы айланасындагы чыңалуу. Бул аймактагы көйгөйлөр күйүүчү май агымдарынын кайра бөлүштүрүлүшүнө алып келди.

Натыйжада альтернативдүү жеткирүүлөргө суроо-талап өстү. Бул өз кезегинде Орусиянын мунай продуктулары үчүн атаандаштыкты күчөтүп, импортерлор, анын ичинде Кыргызстан үчүн НПЗдан сатып алуу бааларынын өсүшүнө алып келди.

"Кытай, Япония, Корея, Индия сыяктуу ири экономикалар Орусиядан сатып алууларды активдүү көбөйтүүдө. Бул баалардын өсүшүнө алып келүүдө. Кошумча басым Орусиянын өзүндөгү кырдаалдан улам келип чыгууда. Мунай иштетүүчү заводдордун бир бөлүгү пландуу оңдоодо болсо, айрым объекттерге чабуулдар жасалууда, бул үзгүлтүктөрдү жана жергиликтүү тартыштыкты жаратат. Натыйжада сунуш көлөмү азайып, баалар өсүүдө", — деп түшүндүрөт Канат Эшатов.

Кошумча басымды Кыргызстан агрардык өлкө болгондугу да жаратат, анткени өлкөдө дизелдик отунга болгон суроо-талап жыл бою дээрлик туруктуу түрдө жогору болуп турат.

"Дизелдик отундун сатып алуу баасы буга чейин эле эки эседен ашык өстү. Учурдагы динамика сакталып калса, дизелдин чекене баасы бир литрине болжол менен 103 сомго чейин жетип, андан ары да өсүшү мүмкүн", — дейт эксперт.

Сатып алуу баалары өсүп жатканына карабастан, ички рынокто компаниялар күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөөгө аракет кылышууда. Баанын жогорулашы мурда түзүлгөн запастарды колдонуу аркылуу акырындык менен жүрүп жатат.

"Рынок баасына тез жооп берип, күйүүчү майдын баасын дароо өзгөрткөн бир катар өлкөлөрдөн, мисалы, Өзбекстандан айырмаланып, Кыргызстанда өсүш акырындык менен жүрөт. Мурда сатылып алынган көлөмдөрдүн эсебинен мунай трейдерлери күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн сактап жатышат", — деп белгилейт Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти.

Азыркы учурда мамлекеттик органдар менен мүмкүн болгон колдоо чаралары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Талкууланып жаткан варианттардын бири - салыктык жеңилдиктер, бул бензиндин баасын 13 сомго чейин, ал эми дизелди 8-9 сомго чейин арзандатууга мүмкүндүк бериши мүмкүн. Ошондой эле күйүүчү май сатып алууга субсидия берүү же жеңилдетилген насыялоо маселеси да каралууда.

Бирок азырынча так чечимдер кабыл алына элек. Ошондуктан рыноктогу кырдаал чыңалган бойдон калууда. Баалардын өсүшү уланууда, ал эми аларды кармап турууга болгон мүмкүнчүлүктөр чектелүү.


Тектеш материалды окуу