Akchabarsearch
Экология, адамдар жана башкаруу: «Айыл Банк» ESG принциптерин кантип ишке ашырат

Экология, адамдар жана башкаруу: «Айыл Банк» ESG принциптерин кантип ишке ашырат

«Айыл Банк» ESG принциптерин ырааттуу түрдө ишке ашырып, туруктуу өнүгүүнү өзүнүн стратегиясынын жана коомдун, ошондой эле келечек муундардын алдындагы жоопкерчилигинин ажырагыс бөлүгү катары карайт. Банк үчүн бул бир жолку демилге эмес, айлана-чөйрөгө кам көрүүнү, адамдарды колдоону жана ачык-айкын корпоративдик башкарууну бириктирген узак мөөнөттүү жол болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш боюнча глобалдык демилгелердин катышуучусу болуп турган шартта, каржы секторунун ролу өзгөчө маанилүү болуп жатат. Дал ушул банктар туруктуу экономиканы калыптандырган, аймактардын өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн жана адамдардын жашоо сапатын жакшырткан долбоорлорго ресурстарды багытташат.

2024-жылы "Айыл Банк"Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен иштелип чыккан ESG-стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын сунуштады. Бул документ экология, социалдык жоопкерчилик жана башкаруу багыттарында системалуу ыкманын негизи болуп, ошондой эле ESG принциптерин банктын күнүмдүк операциялык жана кредиттик ишмердүүлүгүнө интеграциялоого мүмкүнчүлүк берди. 

Банк жашыл каржылоону өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. "Жашыл технологияларды каржылоо" продукту аркылуу таза транспорт, энергияны үнөмдөө, кайра жаралуучу энергия булактары, туруктуу айыл чарба жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы долбоорлор колдоого алынат.

Каржылоо жеңилдетилген пайыздык чен менен жеткиликтүү, ал эми долбоорлор ири масштабдуу да, же болбосо конкреттүү жамааттар үчүн маанилүү болгон чакан долбоорлор да болушу мүмкүн.

Ошону менен катар банк өзүнүн экологиялык изин азайтууда: электрондук документ жүгүртүүнү киргизип, онлайн-сервистерди өнүктүрүп, электромобилдерди колдонуп жана таштандыларды бөлүп чогултуу системасын ишке ашырууда. 2025-жылы банктын колдоосу менен "Жашыл Мурас" программасынын алкагында миңдеген көчөттөр отургузулуп, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жана жаратылышты сактоого салым кошулду.

"Айыл Банктын" ESG-ыкмасынын бир бөлүгү, илимди жана узак мөөнөттүү экологиялык демилгелерди колдоо. Банк жогорку тоолуу "Адыгене" илимий станциясына колдоо көрсөтүп, мөңгүлөрдү көзөмөлдөөгө арналган жабдууларды өткөрүп берди. Бул изилдөөлөр өлкөнүн суу коопсуздугу жана айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсү менен түздөн-түз байланыштуу.

Социалдык жоопкерчилик банк үчүн, эң оболу, адамдарды колдоо болуп саналат. "Айыл Банк" өлкө боюнча киреше алып келүүчү долбоорлорду каржылоо аркылуу аялдар ишкердигин активдүү өнүктүрүп, аялдар үчүн атайын кредиттик продукттарды сунуштайт. Ошондой эле банктын ичинде теңчилик, насаатчылык жана кесиптик өсүү принциптери ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

ESG багытындагы ырааттуу иш алып баруу өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин бекемдейт. S&P Global Ratings агенттигинен эл аралык кредиттик рейтингге ээ болуу банктын каржылык туруктуулугун жана ачык-айкындык менен жоопкерчилик боюнча заманбап талаптарга жооп бере ала тургандыгын тастыктады.

"Айыл Банк" ESG-ыкманы мындан ары да өнүктүрүп, жашыл жана социалдык каржылоону кеңейтүү, аймактарды жана жамааттарды колдоо аркылуу Кыргызстандын туруктуу келечегине салым кошууну улантат.

 

 


Тектеш материалды окуу

  • Мамлекеттик программаларды ишке ашыруудагы «Айыл Банктын» ролу

    «Айыл Банк» өлкөдөгү мамлекеттик экономикалык саясатты практикалык жүзөгө ашырууну камсыз кылган негизги каржы институттарынын бири болуп саналат. Банк аркылуу мамлекеттик программалар дыйкандарга, ишкерлерге, өнөр жай ишканаларына жана калкка жетип, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, агрардык сектордон жана чакан бизнестен тарта социалдык колдоого жана инфраструктурага чейин камтыйт.
    2025-23-12 08:47:58
  • Онлайн бизнес баштоодо эмнеге көңүл буруш керек?

    Бүгүнкү күндө онлайн бизнес дүйнө жүзү боюнча экономикада негизги орунду ээлеп келет. Интернет жана санариптик технологиялардын ылдам өнүгүшү менен бизнес жүргүзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар пайда болууда.
    2025-28-11 10:06:46
  • Мамлекеттик кызматкерлер эми мобилдик байланышка аз акча жумшай алат

    Санариптешүү доорунда мамлекеттик түзүмдөр да ишенимдүү байланышсыз иш алып бара албайт. Дарыгерлер, мугалимдер, аскер кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери күн сайын маалымат алмашат, бул жерде ылдамдык эң башкы орунда турат
    2025-29-09 05:04:17
  • Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын менчик мектептеринде окуу канча турат?

    Борбор Азиядагы мектеп мезгили дайыма ата-энелер үчүн маанилүү суроо менен коштолот: бала кайда окуйт? Эгер мурда тандоо ачык эле - үйгө жакын мамлекеттик мектеп болсо, бүгүнкү күндө көбүрөөк үй-бүлөлөр жеке билим алууга умтулушат
    2025-20-08 04:02:53