
Жарыяланган
2025-23-12, 14:47«Айыл Банк» өлкөдөгү мамлекеттик экономикалык саясатты практикалык жүзөгө ашырууну камсыз кылган негизги каржы институттарынын бири болуп саналат. Банк аркылуу мамлекеттик программалар дыйкандарга, ишкерлерге, өнөр жай ишканаларына жана калкка жетип, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, агрардык сектордон жана чакан бизнестен тарта социалдык колдоого жана инфраструктурага чейин камтыйт.
2025-жылдын башынан тартып 1-декабрга карата мамлекеттик программалардын алкагында “Айыл Банк” жалпы суммасы 5 млрд 861 млн сомду түзгөн 5 миңден ашуун жеңилдетилген кредитти каржылады.
Айыл чарбасын колдоо - региондук экономиканын негизи
Салттуу түрдө мамлекеттик каржылоонун негизги көлөмү региондордун экономикасынын негизи болуп эсептелген агрардык секторго багытталды. “Айыл Банк” аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө 5 млрд сомдон ашык бөлүндү.
"Айыл чарбасын каржылоо - 13"
“Айыл чарбасын каржылоо – 13” программасы эң ири инструмент болду. Анын алкагында аграрчыларга 2,46 млрд сом бөлүндү. Бул каражаттарды 3,1 миңден ашуун дыйкан жана чарба төмөнкү багыттарга инвестициялады:
• өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы;
• сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
• айыл чарба техникаларын жаңылоо.
Агроөнөр жай комплексине (АӨК) кредит берүү
Туруктуу өндүрүштүк чынжырларды калыптандырууда “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” мамлекеттик долбоору маанилүү роль ойнойт. Бул программа боюнча “Айыл Банк” аркылуу берилген кредиттердин көлөмү 3 млрд 163 млн сомдон ашып, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген 1 миңден ашуун субъект каржылоого ээ болду.
Дал ушул механизм агроагрегаторлорду, кайра иштетүүчү ишканаларды жана ири чарбаларды колдоого мүмкүндүк берип, дыйкандарды рынокко интеграциялоого, продукциянын сапатын жогорулатууга жана өлкө ичинде кошумча нарктын өсүшүнө шарт түзөт.
Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү: Сапатка инвестициялоо
2025-жылдын март айында Министрлер кабинетинин тескемеси менен жылдык 3% жеңилдетилген пайыздык чени каралган “Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү” аттуу жаңы мамлекеттик долбоор бекитилген.
Программанын жаңылыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин “Айыл Банк” аркылуу жалпы суммасы 117,15 млн сомдон ашкан каражатка 30 субъект каржыланды. Алар асыл тукум заводдор, фермердик чарбалар, асыл тукум малды импорттоочулар, ошондой эле жасалма уруктандыруу боюнча адистер болду.
Бул инвестициялар мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн узак мөөнөттүү жогорулатууга негиз түзүп, мал башын сандык жактан көбөйтүүдөн анын сапатын арттырууга өтүүнү стимулдаштырат. Аталган программа фермерлерге тармакты модернизациялоо үчүн реалдуу каржылык инструменттерди сунуштайт.
Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо
“Айыл Банк” аркылуу ишке ашырылып жаткан мамлекеттик колдоонун дагы бир багыты негизги өндүрүш каражаттарын бириктирүү жана жалпы экономикалык кызыкчылыктар негизинде түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер болгон бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо болду.
1-декабрга карата жылдык 6% жеңилдетилген пайыздык чен менен 31,7 млн сом көлөмүндө каржылоо берилди. Бул акча төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жамааттык чарба жүргүзүү формаларын өнүктүрүүгө багытталды:
• өндүрүштү ири масштабга чыгаруу;
• техниканы жана инфраструктураны биргелешип пайдалануу;
• туруктуураак жана кеңири сатык рынокторуна чыгуу.
Үрөн өндүрүүнү жана питомниктерди өнүктүрүү
“Айыл Банк” “Кыргыз Республикасында урук жана питомниктерди өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 1-декабрга карата бир долбоорду 150 миң сомго каржылады. Башталышы чакан болсо да, бул багыт келечекте жогорку өнүгүү потенциалга ээ.
Социалдык колдоо жана чакан бизнести өнүктүрүү
“Айыл Банк” аркылуу мамлекеттик программалар социалдык жактан аярлуу катмардагы калкты да камтыды. Социалдык жардам программаларынын катышуучуларына жеңилдетилген кредиттер алкагында “Айыл Банк” жылдык 0% менен 96,19 млн сом бөлдү. Бул мүмкүнчүлүктөн 531 адам пайдаланып, чакан ишкердик демилгелерди баштоо үчүн (150 миң сомго чейин) старттык капитал алды.
Мындан тышкары, чакан жана орто бизнести колдоо максатында 121,02 млн сом кайтарымдуу каржылык жардамга багытталды, бул ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн сактап калууга жана кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.
Инфраструктура, өнөр жай жана лизинг
Мамлекеттик программалар портфелинде өзгөчө орунду жеңилдетилген лизингдик каржылоо ээлейт. Бул каржылоо инфраструктуралык, өнөр жайлык жана агрардык секторлордогу техникалык паркты жаңылоого багытталган.
“Айыл Банк” аркылуу лизинг долбоорлоруна жалпы 265,83 млн сом бөлүндү. Жеңилдетилген лизингдик каржылоо системасында карьердик, жүк ташуучу, жол-коммуналдык жана атайын техника 8% жылдык чен менен лизингге берилет. Мисалы, Баткен курулуш ЖЧКга 83 бирдик техника берилген: 10 самосвал, 45 миксер, 2 автотехника, 4 манипулятор, 10 прицеп жана 2 самосвал.
“Жергиликтүү өндүрүүчүнүн транспорттук каражаттарын жеңилдетилген лизинг менен каржылоо” мамлекеттик программасынын алкагында “ТНК Шумкар” ЖАКына жалпы суммасы 265,8 млн сомго 68 бирдик техника каржыланды. Лизинг жылдык 8% жеңилдетилген чен менен берилген.
Агро секторго да маанилүү көлөмдө колдоо көрсөтүлдү. Айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу берүү боюнча атайын программа алкагында дыйкандарга тракторлор, дан жана жем жыйноочу комбайндар, суугаруу системалары, тамчылатып сугаруу жабдуулары, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жабдуулар берилди. Бул багытта 69 бирдик техника каржыланып, жалпы суммасы 164,5 млн сомду түзүп, жылдык 6% чен менен берилген.
Мындан тышкары, “Айыл чарбасын каржылоо – 13” программасынын алкагында лизинг механизмдери аркылуу 99 бирдик техника жалпы суммасы 198,5 млн сомго, жылдык 10% чен менен берилген.
“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” мамлекеттик программасынын алкагында 173 техника жалпы суммасы 520 млн сомго, жылдык 6% жеңилдетилген чен менен каржыланып, бул айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого мүмкүндүк берди.
Мамлекеттик программалар алкагындагы бардык лизинг долбоорлору лизинг алуунун катышуучусунун 10% өзүнчө салымын талап кылат, бул лизинг продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн жана каржылоонун туруктуулугун камсыздайт.
Ата мекендик автоунаа өнөр жайын колдоо: "Улуттук авто" программасы
“Улуттук авто” программасынын алкагында “Айыл Банк” 276,35 млн сом каржылап, жергиликтүү өндүрүштөгү 141 автоунаа жана коммерциялык транспорт сатып алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул долбоор жергиликтүү автоөнөр жайды колдоого жана өлкөдөгү ишканалар менен калктын транспорттук паркын жаңылоого багытталган.
Газдаштыруу жана энергетикалык инфраструктура
Соңку жылдары мамлекет энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана газдаштырууга өзгөчө көңүл бурууда. “Айыл Банк” аркылуу Бишкек шаары жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоого багытталган программа ишке ашырылууда.
1-декабрга карата “Айыл Банк” 80 долбоорду жалпы суммасы болжол менен 10,2 млн сомго каржылады. Кредиттер жылдык 3% чен менен берилген жана газ түтүктөрүн, от казандарды сатып алууга жана турак жайларды газ түйүнүнө туташтырууга багытталган, бир долбоор үчүн максималдык сумма 150 миң сомду түзөт.
“Айыл Банк” мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында айыл чарба, чакан бизнес жана инфраструктурага маанилүү каржылык ресурстарды багыттап, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн региондорунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат.
Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик программаларды каржылоо банктын өз каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, Финансы министрлигинин пайыздык чендерди субсидиялоо механизмдери колдонулат. Бул “Айыл Банктын” өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ишенимдүү мамлекеттик өнөктөш катары системалуу роль ойной турганын белгилейт.



