Akchabarsearch
Мамлекеттик кызматкерлер эми мобилдик байланышка аз акча жумшай алат

Жарыяланган

2025-29-09, 11:04

Мамлекеттик кызматкерлер эми мобилдик байланышка аз акча жумшай алат

Санариптешүү доорунда мамлекеттик түзүмдөр да ишенимдүү байланышсыз иш алып бара албайт. Дарыгерлер, мугалимдер, аскер кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери күн сайын маалымат алмашат, бул жерде ылдамдык эң башкы орунда турат. Мамлекеттик кызмат үчүн мобилдик байланыш көптөн бери кандайдыр бир баалуулук эмес, иштин натыйжалуулугун камсыз кылуучу куралга айланган. Байланыш компаниялары бул муктаждыктарды эске алып, атайын тарифтерди түзүп, камтууну кеңейтип жатышат.

2025-жылдын башында Кыргызстандагы мамлекеттик органдарда 26 миңден ашуун адам эмгектенген. Анын ичинен болжол менен 14,5 миңи (76%) аткаруу бийлигинде, 4 миңге жакыны (21%) сот тутумунда жана прокуратурада, ал эми болгону 500гө чукулу (2,8%) мыйзам чыгаруу органында иштейт. Дагы 7,3 миң кызматкер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенүүдө. Мындай көлөмдө иш алып барган мамлекеттик түзүмдөр үчүн ишенимдүү мобилдик байланышсыз иштөө мүмкүн эмес. Буга бюджеттен бөлүнгөн каражат да далил болот — жети ай ичинде уюлдук байланыш кызматтарына 17,1 млн сом жумшалган. Санариптик сервистерге болгон жогорку суроо-талапты рыноктук көрсөткүчтөр да ырастайт: ушул мезгилде өлкөдөгү байланыш компанияларынын кирешеси 22 млрд сомдон ашкан.

Мындай шартта байланыштын ыңгайлуу жана ишенимдүү болушу эң маанилүү. Сапаттуу мобилдик интернет жана туруктуу байланыш маалыматты өз убагында жеткирүүгө, шашылыш кызматтардын жана билим берүү мекемелеринин ишин камсыздоого жардам берет. Мамлекеттик кызматкерлер чоң кардарлык сегментти түзгөндүктөн, операторлор да өз тармактарын жана тарифтерин алардын муктаждыктарын эске алуу менен өнүктүрүшөт. Мисалы, MEGA мамлекеттик оператору республика аймагындагы калктын 99%дан ашыгын камтып, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине эң алыскы райондордо да “байланышта” болууга шарт түзүп, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда.

MEGA компаниясы алгачкылардан болуп бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн атайын тарифтерди сунуштады. Жеңилдетилген “Мамлекеттик” тарифи  – 250 сомго 4 жумага төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Жогорку ылдамдыктагы 40 ГБ интернет;
  • Интернетти башка түзмөктөргө акысыз таратуу мүмкүнчүлүгү;
  • Кыргызстандын башка операторлорунун номерлерине 20 мүнөт акысыз чалуу;
  • MEGA түйүнүндө чексиз чалуулар жана SMS;
  • Оператордун сервисинин жардамы менен 40тан ашуун популярдуу ТВ-каналга жеткиликтүүлүк.

Бардык шарттар мамлекеттик кызматкерлерге убакытты жана акчаны үнөмдөп, ыңгайлуу байланышып, маалымат алмашууга мүмкүн болушунча ыңгайлуу болсун деген максатта иштелип чыккан.

Тарифти MEGA24 мобилдик тиркемеси аркылуу кошсо болот. Ал үчүн “Тарифтер” бөлүмүнөн “Мамлекеттик” тарифин тандаш керек. Мамлекеттик мекемелердин “Кызмат” системасы сиздин мамлекеттик кызматкер экениңизди дароо текшерет да, тариф автоматтык түрдө иштей баштайт. Ошондой эле “Мамлекеттик” тарифин MEGAнын каалаган сатуу жана тейлөө борборлорунан да кошсо болот.

Мындай атайын тарифтер жана өнүккөн байланыш тармагы мамлекеттик кызматкерлер менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине өз милдеттерин натыйжалуу аткарууга жардам берет. “Мамлекеттик” тарифи белгиленген акыга толук кызматтар топтомун сунуштап, дайыма “байланышта” жүргөндөр үчүн мамлекеттик иштерди жүргүзүүнү дагы жөнөкөй жана ыңгайлуу кылат.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстандын тигүү тармагында эмне болууда?

    Акыркы айларда маалымат мейкиндигинде “Кыргызстанда 3 миң тигүү цехи жабылды” деген маалыматтар улам-улам айтылууда. Жеңил өнөр жайы негизги тармактардын бири болгон өлкө үчүн бул дээрлик өкүм сыяктуу угулат. Бирок тигүү өндүрүшү чындап эле жок болуп баратабы же биз тармактын өзгөрүү процессин көрүп жатабызбы? Бул суроого жооп берүү үчүн тарыхый башатына кайрылуу маанилүү
    2026-11-02 11:32:05
  • "Арабызда үйүнө жетпей каза болгондор бар". Үйүнө жетпей жүргөн үлүшчүлөр бийликке кайрылды

    Кыргызстанда үй алам деп акча салып, үйдөн жок же акчадан жок отуруп калган жарандардын саны арбын.
    2026-04-02 10:38:35
  • Пенсия, жөлөкпул, электр энергия: 2026-жылы кандай өзгөрүүлөр болот?

    Азыр 2026-жылдын астанасын аттаганы турабыз. Жаңы жылдын башында көптөр алдына жаңы максаттарды коюп, аны жыл ичинде ишке ашырууга аракет кылат. Жаңы өзгөрүүлөрдү күтөт.
    2025-31-12 08:56:26
  • Мамлекеттик программаларды ишке ашыруудагы «Айыл Банктын» ролу

    «Айыл Банк» өлкөдөгү мамлекеттик экономикалык саясатты практикалык жүзөгө ашырууну камсыз кылган негизги каржы институттарынын бири болуп саналат. Банк аркылуу мамлекеттик программалар дыйкандарга, ишкерлерге, өнөр жай ишканаларына жана калкка жетип, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, агрардык сектордон жана чакан бизнестен тарта социалдык колдоого жана инфраструктурага чейин камтыйт.
    2025-23-12 08:47:58