Akchabarsearch
Кыргызстан 2025-жылы криптоалмашуу кызматтары аркылуу дээрлик 30 млрд доллар жүгүрттү

Жарыяланган

2026-11-02, 13:52

Кыргызстан 2025-жылы криптоалмашуу кызматтары аркылуу дээрлик 30 млрд доллар жүгүрттү

Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногу тездик менен өсүп, жүгүртүүсү триллиондогон көлөмгө жеткенине карабастан, негизинен алмашуу операциялары жүргүзүлүүчү аянтча бойдон калууда. Финансылык көзөмөл органынын маалыматына ылайык, сектордогу бардык операциялардын 94 пайыздан ашыгы алмашуу операторлоруна туура келет, ал эми криптобиржалар менен эмитенттер экинчи даражадагы ролду ойнойт.

Чынында өлкөдө санариптик активдер көбүнчө узак мөөнөттүү инвестиция объектиси катары эмес, конвертация жана каражат которуу куралы катары колдонулган модель калыптанган.

Диверсификациясыз өсүү

2022-жылы виртуалдык активдер рыногу баштапкы баскычта болчу. Жалпысынан алты алмашуу оператору, бир криптобиржа жана эки майнер гана иш алып барган. 2023-жылы лицензиялоо киргизилгенден кийин алмашуу операторлорунун саны 60ка чейин өскөн, ал эми 2025-жылга карата 82ге жеткен.

Ал эми биржалык сегмент кыйла жай өнүккөн. Төрт жылдын ичинде криптобиржалардын саны бирден бешке чейин гана көбөйгөн. Демек, рыноктун кеңейиши дээрлик толугу менен алмашуу кызматтарынын эсебинен ишке ашкан.

Акча алмаштыруучу жайлар аркылуу триллиондогон жүгүртүү

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүлөрдүн (ПУВА) жалпы жүгүртүүсү 2,12 млн транзакция менен 2,73 трлн сомду түзгөн. Анын ичинен 2,58 трлн сомду криптоалмашуу кызматтары камсыз кылган.

Салыштыруу үчүн айтсак, криптобиржалардын жүгүртүүсү болгону 157 млрд сомду түзүп, рыноктун 6 пайыздан аз бөлүгүн ээлеген. Башкача айтканда, өлкөдөгү криптоэкономиканын басымдуу бөлүгү соода аянтчалары аркылуу эмес, ыкчам алмашуу кызматтары аркылуу өтөт. Мындай түзүм, адатта, виртуалдык активдер негизинен төмөнкү максаттарда колдонулган рынокторго мүнөздүү:

  • трансчегаралык которуулар;
  • валюталарды конвертациялоо;
  • электрондук коммерцияда эсептешүү.

Мында криптовалюталардын инвестициялык функциясы экинчи планда калууда.

Операциялардын саны тездик менен өсүп жаткандыгына карабастан, Кыргызстандагы виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүлөрдүн рыногу орточо чек өлчөмүнүн жогорку өзгөрмөлүүлүгү менен мүнөздөлөт. 2022-жылы транзакциялардын саны чектелүү болгонуна карабай, бир операциянын орточо көлөмү 568 миң сомдон ашып, негизинен ири жана эпизоддук келишимдерди чагылдырган. 2023-жылы лицензиялоо ишке киргизилип, жаңы катышуучулардын агымы башталгандан кийин бул көрсөткүч кескин өсүп, 10,5 млн сомдон ашкан. Бул рынокту мыйзамдаштыруунун алгачкы этабында ири корпоративдик жана дүң операциялар үстөмдүк кылганын көрсөтөт. 2024-жылы колдонуучулардын массалык түрдө тартылышы менен орточо чек төмөндөгөн. 2025-жылы криптосектордогу бир операциянын орточо көлөмү 1,29 млн сомду түзгөн.

Биржалар алмашуу операторлорунун көлөкөсүндө

2025-жылы криптобиржаларда 23,3 миң гана бүтүм катталган, ал эми алмашуу операторлорунда бул көрсөткүч 2 миллиондон ашкан. Башкача айтканда, Кыргызстан ичинде криптотрейдингдин массалык маданияты азырынча калыптана элек.

Натыйжада ички криптобиржалар өз алдынча рынок түзбөстөн, тар чөйрөгө багытталган продукт бойдон калууда.

Ошол эле учурда 2025-жылы криптобиржалар аркылуу өткөн бир бүтүмдүн орточо көлөмү 6,76 млн сомду түзгөн. Ал эми криптоалмашуу кызматтарында бул көрсөткүч 1,23 млн сом болгон.

Алмашуу операцияларынан алынган салыктар

Крипторыноктун фискалдык таасири да негизинен алмашуу операцияларынын эсебинен калыптанат. 2025-жылы криптовалюта рыногунун профессионал катышуучулары мамлекеттин бюджетине 5,5 млрд сом төккөн, ал эми 2022-жылы бул сумма 73 млн сомду түзгөн.

Салык түшүүлөрүнүн өсүшү негизинен алмашуу операторлорунун тармагын кеңейтүү менен байланыштуу.

Виртуалдык активдерди чыгаруу сегменти чектелүү бойдон калууда. Реестрде жалпы баасы болжол менен 3 млрд сомду түзгөн алты эмиссия гана катталган. Рыноктун көпчүлүк катышуучулары үчүн токендерди чыгаруу артыкчылыкка ээ багыт эмес.

Мурда “Акчабар” жазгандай, өткөн жылдын сентябрь айынын башына карата Кыргызстанда беш өзүнүн криптомонетасы бар болчу. Булар: ЖЧК “МТН” тарабынан чыгарылган токен, “А7А5” стейблкоини, ЖЧК “Золотой Сом” чыгарган CDSD, KGST жана санариптик токен LMAu. Алтынчысы — Каржы министрлиги чыгарган USDKG.

Рынок өсүп жаткан сайын көзөмөл да күчөдү. 2023-2025-жылдар аралыгында мыйзам бузуулар боюнча протоколдордун саны үч эсе көбөйүп, ондогон лицензиялар алынган. RUNEX.KG криптоконтроль аналитикалык платформасынын маалыматтары жана рынок катышуучуларынын отчетторун талдоонун негизинде бир катар бузуулар аныкталган, алар төмөнкүдөй натыйжаларды берген:

  • 2023-жылы – 15 протокол, 237 миң сом;
  • 2024-жылы – 41 протокол, 533 миң сом;
  • 2025-жылы – 45 протокол, 1 млн 215 миң сом.

Мындан тышкары, 26 виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүдө лицензиялар алынган, дагы үчү убактылуу ишин токтоткон, ал эми төрт майнинг компаниясында ишмердүүлүк сертификаттары жараксыз деп табылган.

2025-жылдын жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстанда колдонмо типтеги крипторынок калыптанган. Анын ядросу - өлкө ичинде жана сыртында акча агымдарын тейлеген алмашуу кызматтары. Ал эми криптобиржалар, токен чыгаруу жана инвестициялык продукттар азырынча тармактын негизи боло элек. Демек, бүгүнкү күндө виртуалдык активдер улуттук экономикада негизинен альтернативдүү төлөм жана алмашуу куралы катары кызмат кылууда.


Тектеш материалды окуу