Akchabarsearch
Кытайдын эң ири алтын кени дүйнөлүк баалуу металлдар рыногун өзгөртө алабы?
Сүрөт алынган жер: fintrac.io

Жарыяланган

2024-03-12, 15:07

Кытайдын эң ири алтын кени дүйнөлүк баалуу металлдар рыногун өзгөртө алабы?

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы калыбына келе баштады. Бирок, айрым талдоочулардын айтымында, Кытайда запасы 83 миллиард долларга бааланган эң ири алтын кенинин ачылышы келечекте анын баасына олуттуу таасир тийгизет.

2023-жылдын сентябрынан бери алтындын баасы тынымсыз өсүүдө (5-10 доллардын тегерегиндеги майда термелүүлөрдү эсепке албаганда). 2024-жылдын башынан бери баалуу металлдын баасы 32,3%га өсүп, 2 миң 669,6 долларды түздү. Алтындын арзандашы 15-ноябрга чейин уланды.

Жаңы кен тууралуу биринчи сөз болгондон кийин бир катар эксперттер бул факт алтындын келечектеги баасынын калыптанышына кандай таасир этээрин ойлоно баштады. Буга чейин “Акчабар” бул окуя КЭРдин Кыргызстанда өндүрүлгөн баалуу металлды сатып алуучулардын тизмесинен чыгуусуна себеп болушу мүмкүн деп жазган. 2023-жылы Кытай Кыргызстандан 115,4 миллион долларга алтын сатып алып, негизги сатып алуучу болгон. 2024-жылы, биринчи жарым жылдыкта сунуштун көлөмү 129,4 миллион долларга чейин өскөн.

Тоо-кен тармагынын адистеринин айтымында, кайсы гана кенди болбосун, өзгөчө 2-3 миң метрге чейинки тереңдикте казып, иштетүү татаал процесс. Инфраструктураны, анын ичинде алтынды кайра иштетүүчү заводдорду (ГРП) куруу убакытты жана ресурстарды олуттуу инвестициялоону талап кылат. Ошого карабастан, алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшү дагы терең кендерди иштетүүнү экономикалык жактан пайдалуу кылат.

“Биз Кумтөрдү иштете баштаганда алтындын унциясы 300 доллардын тегерегинде болчу. Азыр анын баасы 2,6 миң долларга жетип, болжолдоолор 2025-жылы 3 миң долларга чейин өсүшү мүмкүн экенин көрсөтүүдө”, - дейт Кыргызстан тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков “Акчабарга” берген маегинде.

Эксперт Кытайда алтын казып алуу ички суроо-талапты канааттандыра албаарын, мындан улам аталган өлкө бул металлды импорттой турганын белгилейт. Дүйнөлүк рыноктун алтынга толуп кетишин күтүүгө болбойт. Жогорку суроо-талап стратегиялык актив катары баалуу металлга туруктуу кызыгуу, анын улуттук резервдерди түзүүдөгү ролу, ошондой эле негизги тармактарда кеңири колдонулушу менен байланыштуу. Алтын уникалдуу физикалык жана химиялык касиеттеринен улам электроникада, медицинада жана аэрокосмостук өнөр жайда өтө зарыл.

Эл аралык алтын кеңешинин маалыматы боюнча, экинчи кварталда эле өлкөлөр алтын-валюта резервин толуктоо үчүн 65,35 тонна алтын сатып алышкан. Баалуу металлдарды сатып алууда Польша менен Индия лидер болсо, Түркия алдыңкы үчтүккө кирет.

Кыргызстан да өзүнүн алтын-валюта резервдерин жигердүү көбөйтүүдө. Октябрь айынын акырына карата Улуттук банктын маалыматы боюнча, алар бир ай мурункуга салыштырмалуу 14,71%га же 633,05 млн долларга көбөйгөн.
Кыргызстан алтын өндүрүүчү өлкө катары аны сатып алууда Улуттук банкка жана Министрлер кабинетине артыкчылык укугун берет. Запастарды толтуруу үчүн көзөмөл органы Кыргызстандын алтынын сатып алат.

Мындан тышкары, алтын өлкөнүн негизги экспорттук товары бойдон калууда. 2024-жылдын биринчи сегиз айында республика 639,4 миллион долларлык 8,7 тонна алтынды экспорттогон.

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк деңгээлде алтын запасы боюнча АКШ 8 миң 133,5 тонна менен лидер бойдон калууда, андан кийин Германия (3 миң 351,5 тонна) жана ЭВФ (2 миң 814 тонна) турат. Алтынчы орунда Орусия 2 миң 335,9 тонна жана жетинчи орунда Кытай 2 миң 264,3 тонна көрсөткүч менен турат.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстандын тигүү тармагында эмне болууда?

    Акыркы айларда маалымат мейкиндигинде “Кыргызстанда 3 миң тигүү цехи жабылды” деген маалыматтар улам-улам айтылууда. Жеңил өнөр жайы негизги тармактардын бири болгон өлкө үчүн бул дээрлик өкүм сыяктуу угулат. Бирок тигүү өндүрүшү чындап эле жок болуп баратабы же биз тармактын өзгөрүү процессин көрүп жатабызбы? Бул суроого жооп берүү үчүн тарыхый башатына кайрылуу маанилүү
    2026-11-02 11:32:05
  • "Арабызда үйүнө жетпей каза болгондор бар". Үйүнө жетпей жүргөн үлүшчүлөр бийликке кайрылды

    Кыргызстанда үй алам деп акча салып, үйдөн жок же акчадан жок отуруп калган жарандардын саны арбын.
    2026-04-02 10:38:35
  • Пенсия, жөлөкпул, электр энергия: 2026-жылы кандай өзгөрүүлөр болот?

    Азыр 2026-жылдын астанасын аттаганы турабыз. Жаңы жылдын башында көптөр алдына жаңы максаттарды коюп, аны жыл ичинде ишке ашырууга аракет кылат. Жаңы өзгөрүүлөрдү күтөт.
    2025-31-12 08:56:26
  • Мамлекеттик программаларды ишке ашыруудагы «Айыл Банктын» ролу

    «Айыл Банк» өлкөдөгү мамлекеттик экономикалык саясатты практикалык жүзөгө ашырууну камсыз кылган негизги каржы институттарынын бири болуп саналат. Банк аркылуу мамлекеттик программалар дыйкандарга, ишкерлерге, өнөр жай ишканаларына жана калкка жетип, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, агрардык сектордон жана чакан бизнестен тарта социалдык колдоого жана инфраструктурага чейин камтыйт.
    2025-23-12 08:47:58