Akchabarsearch
    Айрым банктардын таза кирешеси төмөндөсө, ал эми Мбанк жана «Айыл Банктын» кирешеси өстү

    Айрым банктардын таза кирешеси төмөндөсө, ал эми Мбанк жана «Айыл Банктын» кирешеси өстү

    Кыргызстандын банктарынын таза кирешеси өсүүдө. 2024-жылдын он бир айында коммерциялык банктар дээрлик 30 млрд сом, тагыраагы 29 млрд 54 млн 856 миң сом киреше алышкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд сомго, же 26%га көп. 

    Эң көп кирешеге Мбанк жана Айыл Банк ээ болгон, алардын жалпы таза пайдасы бардык банктардын пайдасынын 44,3%ын түздү. Мбанктын кирешеси 6,5 млрд сомду түзсө, “Айыл Банктын” кирешеси 6,3 млрд сомду түздү. Үчүнчү орунда 4,2 млрд сом таза кирешеси бар “Элдик банк” турат.

    “Демир Банк”, “KICB”, “Оптима Банк” жана “Бакай Банк” 1,8 млрд сомдон 2,9 млрд сомго чейин киреше тапкан.

    Белгилеп кетсек, бир дагы банктын кирешеси олуттуу азайган жок. “Евразия сактык банкы” эң аз киреше алган – 9,2 млн сом. Эске салсак, 2023-жылы “Кыргызкоммерцбанк” 14,8 млн сом зыян тарткан болсо, быйыл 41,8 млн сом таза киреше тапкан.

    2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы “Мбанк” менен “Элдик Банктын” кирешеси кыйла көбөйсө, “Оптима Банк” (-707,7 млн сом), “Демир Банк” (-414,5 млн сом), “О!Банк” (-196,9 млн сом) кирешеси азайган. “Компаньон Банкы” (-147,6 млн сом), “Азия Банкы” (-129,9 млн сом), “Евразия сактык банкы” (-106,1 млн сом), “Дос-Кредобанк” (-55 млн сом) жана “Толубай Банкын” (-25,1 млн сом) кирешеси төмөндөгөн.


    Тектеш материалды окуу

    • Орусиядан кайтып келген кыргыздар Европага ыктоодо: миграциялык карта кандай өзгөрүп жатат?

      Акыркы үч жылда Орусиядан Кыргызстанга 113 миңден ашык эмгек мигранты кайтып келди. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Бирок алардын көбү Европа жана башка өлкөлөргө ыктоодо
      2025-14-04 10:57:57
    • Эски телефонду жаңысына кантип алмаштырса болот?

      Телефонду канча жылда бир алмаштырып турасыз? Улуу Британияда адамдар телефонду орточо 3 жыл 4 ай дегенде бир жаңылап турарын, өмүрүндө телефонду 19 жолу алмаштыра турганын эсептеп чыгышкан. Айрымдар телефонду андан да бат жаңылайт эмеспи. Мисалы мен 25 жашка келип, жөнөкөй уюлдук телефонду эсепке албаганда, 12-смартфонду көтөрүп жүрөм (техника деген нерсе мени анча жактырбайт окшойт – ред.).
      2025-28-03 11:35:26
    • Миллиардер аялдардын катары калыңдады: бүгүнкү күндө каржы дүйнөсүн ким башкарат?

      2023-жылдын аягында дүйнөдө миллиардерлердин саны 3 миң 323кө жеткен, анын 431и аялдар. Аялдар дагы эле азчылыкты түзсө да, бул тенденция финансылык элитанын структурасында узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
      2025-13-02 10:47:31
    • Медтуризм: блефаропластика боюнча Бишкекке келген чет элдиктер көп

      Соңку жылдары Кыргызстан эстетикалык медицинанын чыныгы борбору болуп калды. Өзгөчө кыргызстандык пластикалык хирургдар блефаропластика жаатында эл аралык деңгээлде таанылды. Бишкекке эстетикалык хирургия боюнча дүйнөлүк лидер деп эсептелген Орусия, Казакстан, Европа, ал тургай Түштүк Кореядан да бейтаптар келүүдө.
      2025-04-02 06:00:02