Борбор Азиядагы мектеп мезгили дайыма ата-энелер үчүн маанилүү суроо менен коштолот: бала кайда окуйт? Эгер мурда тандоо ачык эле - үйгө жакын мамлекеттик мектеп болсо, бүгүнкү күндө көбүрөөк үй-бүлөлөр жеке билим алууга умтулушат
Кыргызстанда 11-августтан тарта үч айлык мөөнөткө уй жана кой этинин баасына (сөөксүз эттен башка) мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Бул чечим баанын кескин көтөрүлүшүн алдын алуу жана калкты эт менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатын көздөйт. Мындай чара фермерлерге жана керектөөчүлөргө кандай таасир этет — түшүнүүгө аракет кылабыз
Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн көбү аз балалуу болууну чечип жатышат — бул эми убактылуу көрүнүш эмес, туруктуу тренд. 2025-жылы жаңы төрөлгөн балдардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 5 миңге аз болду. Ал эми 2024-жыл менен 2019-жылды салыштырганда — 33 миңге аз
Кечээ, 28-июлда, Улуттук банк эсептик ченди 0,25 пайыздык пунктка жогорулатуу чечимин кабыл алды — 9%дан 9,25%га чейин. Өзгөрүү аз көрүнгөнү менен адамдардын күнүмдүк турмушуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул эмнени билдирет жана эмнеге даярдануу керек экенин түшүндүрөбүз
Акыркы беш жылда валюталык операциялар Кыргызстандын банктары үчүн негизги киреше булактарынын бирине айланды. Эгерде 2019-жылы алар банк системасынын жалпы кирешесинин болгону 4% тегерегин түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 12.07%ке чейин өсүп, 33.3 миллиард сомду түздү. Чет өлкөлүк валюта менен операциялардан түшкөн киреше 19 эседен ашык көбөйдү.
Кыргызстан санариптик келечекке ишенимдүү кадам таштоодо: банкноттордун ордуна — смартфон, майда акчанын ордуна — QR-коддор. Накталай эмес операциялардын тез өсүшүнүн артында финансылык системанын ачыктыгына жана жеткиликтүүлүгүнө багытталган Улуттук банктын стратегиясы турат
Кыргызстанда финансылык лизингге болгон кызыгуу тездик менен өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы 3,7 миңден ашык лизинг келишими түзүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 24%га көп.
2025-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандагы банктарга жана акча алмаштыруучу жайларга 2006-жылга чейинки чыгарылган АКШ долларларын кабыл алуу жана алмаштыруу үчүн комиссиялык төлөм алууга расмий түрдө уруксат берилди