Жарыяланган
2025-17-06, 14:06Кыргызстан санариптик келечекке ишенимдүү кадам таштоодо: банкноттордун ордуна — смартфон, майда акчанын ордуна — QR-коддор. Накталай эмес операциялардын тез өсүшүнүн артында финансылык системанын ачыктыгына жана жеткиликтүүлүгүнө багытталган Улуттук банктын стратегиясы турат.
Бул санариптик революциянын негизги түрткүсү болуп 2024-жылдын 25-ноябрында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өлкө ичинде жеке адамдар арасында сом менен которуулар үчүн комиссияларды жокко чыгаруу — бул бир эле банктын ичиндеги эсептер ортосундагы эмес, ар кандай банктар арасындагы операцияларга да тиешелүү чечими болду. Бул эреже Интернет жана мобилдик тиркемелер аркылуу бардык транзакцияларга тиешелүү.
Мурун банктар ар миң сом үчүн 5тен 20 сомго чейин, ал эми ири суммалар үчүн 100 сомго чейин комиссия алышчу. Эми мындай кошумча төлөмдүн кереги жок. Тажрыйба көрсөткөндөй, дал ушул комиссия көп учурда адамдарды накталай эмес эсептешүүлөргө өтүүгө тоскоол болуп келген жана бул айрыкча чакан которууларда байкаларлык болгон.
Комиссиянын жоюлушу менен өзгөрүүлөр болду. Кыргызстандын жарандары карталардан акча алуу учурларын бир топ кыскартты. 2025-жылдын алгачкы үч айында карталардан 177,5 миллиард сом накталанды — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га же 71,7 миллиард сомго аз. Накталай акча алуу операцияларынын саны 26,3%га кыскарып, 16 миллион транзакцияны түздү.
Статистикага ишенсек, накталай эмес төлөмдөрдүн эң кеңири таралган ыкмаларынын бири — QR-код аркылуу төлөө болуп калды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 1-майга карата QR-коддор аркылуу 146,1 миллиард сомдук 87 миллион төлөм жүргүзүлгөн. 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч операциялар саны боюнча 13,5 эсе, ал эми сумма боюнча 22,8 эсе өскөн.
Айрыкча мамлекеттик төлөмдөр боюнча накталай эмес эсептешүүлөрдүн өсүшү таасирдүү болду — 13,7 миллион операция жүргүзүлүп, жалпы сумма 4,1 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу операциялардын саны боюнча 371 эсе, сумма боюнча болсо 36,7 эсе көп. Демек, накталай эмес төлөөгө дүкөндөр менен кафелер гана эмес, мамлекеттик кызматтар да өтүп, алар дагы жеткиликтүүрөөк жана ачык-айкын болууда.
Мындай өсүш Улуттук банктын QR-коддорду киргизүү боюнча системалуу ишинин аркасында мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык коммерциялык банктар (“ЭкоИсламикБанктан” тышкары) жана 12 төлөм уюму QR аркылуу которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү кызматын көрсөтүшөт. 1-майга карата өлкө боюнча соода жана тейлөө түйүндөрүнө 71,6 миң QR-код орнотулган — алардын ичинен 4 миңге жакыны соңку бир айда гана пайда болгон. Мунун баары борбордо эле эмес, аймактарда да жигердүү жүрүп жатат. Салыштыруу үчүн: өлкөдө 2 миң 560 банкомат жана 44 миң 317 POS-терминал бар.
Ошентип, QR Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн эң кеңири таралган ыкмасы болуп саналат.
Мындан тышкары, мурда QR-код аркылуу сатып алууну төлөө үчүн, дүкөндүн системасы банк менен “туура келээр” деп үмүттөнүүгө туура келчү — антпесе ката кетиши же кошумча комиссия чыгышы мүмкүн эле. Азыр мындай көйгөйлөр жок: QR аркылуу төлөмдөр бардык банктар арасында эч кандай үзгүлтүксүз иштейт.
Жылдын алгачкы үч айында кыргызстандыктар 24 миллиондон ашуун мындай төлөмдөрдү ишке ашырышты — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсеге көп. Жалпы которулган сумма 21,6 миллиард сомго чейин өстү. Айрыкча ар түрдүү банктардын кардарларынын ортосундагы которуулар кескин көбөйдү — 916 миңден 45,6 миллион операцияга чейин. Бул дээрлик 49 эсе өсүштү көрсөтүп, абсолюттук рекорд болуп калды. Ал тургай бир эле банктын ичиндеги QR аркылуу жүргүзүлгөн которуулар да 4 миллиондон 15 миллионго чейин көбөйүп, төрт эсеге жакын өстү.
Кызыгы, комиссияларды жоюу баары үчүн пайда алып келди. Биринчиден, эми жарандар онлайн-которуулар үчүн кошумча төлөп беришпейт. Ошондой эле ишкердик үчүн да пайдалуу болду, анткени QR-коддорду киргизүү алардын кардар базасын кеңейтүүгө жана төлөмдөрдү кабыл алууну жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан сырткары, банктар да кирешесинен куру калышкан жок — жеке адамдар арасындагы которуулардагы комиссия жоюлгандарына карабастан, алар башка комиссиялардан 2025-жылдын биринчи кварталында 5 миллиард сомдон ашык киреше алышты — бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик миллиард сомго көп.
Соңунда мамлекет да пайда көрдү. Ал чоң көлөмдөгү ачык-айкын транзакциялардын маалыматына ээ болду. Ар бир санариптик төлөм — бул катталган операция, аны талдап, отчеттук документтерде эске алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул деген көптөгөн акча көмүскөдөн чыгып, расмий экономикага кирип жатканын билдирет.