Жарыяланган
2025-11-08, 15:09Кыргызстанда 11-августтан тарта үч айлык мөөнөткө уй жана кой этинин баасына (сөөксүз эттен башка) мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Бул чечим баанын кескин көтөрүлүшүн алдын алуу жана калкты эт менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатын көздөйт. Мындай чара фермерлерге жана керектөөчүлөргө кандай таасир этет — түшүнүүгө аракет кылабыз.
Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Жээналы Орозбаев “Акчабар” менен болгон маегинде мамлекеттин бааларга кийлигишүүсүнө негиз болгон жагдайлар 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтомдо белгиленгенин айтты. Социалдык мааниси чоң болгон 16 товар камтылган тизмеде сөөктүү уй жана кой эти да бар.
“Биз жумасына бир жолу бааларды мониторинг кылабыз. Былтыр август айында 112 күндүн ичинде эттин баасы 100 сомго чейин кымбаттап кеткен, орточо өсүш 70 сомдун тегереги болгон. Былтыр августтан бүгүнкү күнгө чейин уй этине болгон баа 117 сомго, ал эми кой эти 112-115 сомго жогорулады. Өткөн жылкы кырдаал кайра кайталанбашы үчүн мамлекеттик жөнгө салуу киргизилүүдө”, — деп түшүндүрдү Орозбаев.
Расмий статистика 2023-жылдын август айынан тартып, өзгөчө 2024-жылдын биринчи жарымында баалардын кескин жогорулашын так көрсөтүп жатат.
2025-жылдын башынан бери уй эти дээрлик 45 сомго кымбаттаган, кой эти 88 сомдон ашыкка, ал эми жылкы эти 47 сомго кымбаттады. 7-августка карата эң кымбат кой эти Нарын, Жалал-Абад, Раззаков жана Өзгөн шаарларында сатылууда. Эң арзаны Таластагы Семетей айылында.
Бул байланыштуу ушул жуманын аягына чейин ар бир регион үчүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алып, аймактык органдар максималдуу чекене бааларды аныктайт.
“Каракол менен Таласта ортодо бааны көтөргөн тараптар дээрлик жок болгондуктан, баалар эң төмөн. Түштүк аймакта соода түзүмү башкача болгондуктан, максималдуу баалар да ар башка болот”, — деди ал.
Ошентип, антимонополдук кызмат жергиликтүү бийлик органдары менен бирге баалардын сакталуусун көзөмөлдөйт. Белгиленген чектен жогору баада саткан ар бир мыйзам бузуучу жеке адамдарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
Ысык-Көл облусунда көп жылдар бою мал чарбачылыгы менен алектенген фермер Айбек Базаркулов жаңы эрежелерден азырынча эмне күтөөрүн билбей турат.
Анын айтымында, Караколдо азыр уй этинин дүң баасы болжол менен 570 сомду түзөт, ал эми чекене баасы — 630 сом. Кой эти болсо — 650 жана 700 сом. Фермер эттин экспорту ички рынокко сатууга караганда көбүрөөк пайда алып келет деп белгиледи, бирок акыркы айларда коңшу өлкөлөрдө мал сатып алуулар дээрлик токтоп калган.
Айбек эттин баасы малды багууга кеткен чыгым менен түздөн-түз байланыштуу экенин эске салды.
“Бир гектар жем чөптү даярдоонун чыгымы болжол менен мындайча: суу үчүн — 500 сом, чөптү чапканга — 2000 сом, чогултуп алууга — 1730 сом; бир түк жем чөпкө кеткен чыгым болжол менен 80 сомду түзөт. Арпа боюнча: комбайн менен жыйноо — 2500 сом, бул жерде дизелдик күйүүчү майдын чыгымы эсепке алынган эмес; 4 тоннаны ташысаң — 1600 сом”, — деди ал.
6-7 ай бою багуу, вакцинация жана тамактандыруудан кийин бир баш малдан таза киреше болжол менен 10-15 миң сомду түзөт.
Ошол эле учурда, жөнгө салуучу органдар аймакка жараша кирешелүүлүктүн деңгээлин 10-20% деп пландап жатышат.
“Эгер эттин бир килограммынын өздүк чыгымы 630 сом болсо, үстүнө 10-15% кошулушу мүмкүн. Биз пайдасыз эч ким иштебей турганын жакшы түшүнүп, бааларды белгилегенде ушул нерсени эске алабыз”, — деп кошумчалады Антимонополдук кызматтын жетекчиси.
Ички рынокту туруктуу кармоо үчүн экспортко чектөө киргизилет
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев бааларды жөнгө салуу киргизилгени менен эт экспорттоо үчүн жаңы квоталар токтотулганын билдирди. Мурун берилген квоталар күчүндө калууда, бирок экспортту кеңейтүү убактылуу токтотулду.
“Бул Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттердеги баалардын кымбатташына каршы кабыл алынган шашылыш чара. Бул ички рынокто суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун сактоого, баалардын кескин серпилүүсүн алдын алууга жана эттин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган”, — деди Балтабаев.
Ал кошумчалагандай, ишкерлер бизнесин жакшы пландаштыра алышы үчүн баалардын болжолдонгон деңгээлин камсыз кылат. Фермерлер үчүн белгиленген баалар суроо-талап алдын ала белгилүү болгон шартта иштөөгө шарт түзөт. Бирок, айрым өндүрүүчүлөр баанын чектөөсүнөн улам көмүскө секторго өтүп кетиши мүмкүн деген тобокелдик бар. Бул коркунучтарды Экономика министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.
2025-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстан 835,6 тоннанан ашык эт экспорт кылды. Кыргызстандын этин эң көп сатып алган өлкөлөр — Россия (533,8 тонна), Казакстан (220,3 тонна), Беларусь (41,5 тонна) жана Өзбекстан (20 тонна). Муну өткөн жылдын ушул эле мезгили менен салыштыра турган болсок, былтыр экспорт болжол менен 3 миң тоннага жеткен.
Рустам Балтабаев алдыдагы үч айда Кыргызстанда эттин баасы туруктуу болот деп болжолдоодо. Өлкө эттин 70-80%ын өз муктаждыгына камсыздайт, ал эми экспортко чектөө жасалма жетишсиздикти алдын алуу үчүн киргизилүүдө.
“Коңшу өлкөлөрдө, айрыкча Өзбекстанда, баалар азыр өтө жогору. Биздин жөнгө салуу суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун сактоого, ички азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган”, — деп белгиледи адис.
Эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу — 90 күндүк убактылуу чара болуп, аны узартуу мүмкүнчүлүгу да бар. Ал максималдуу чекене бааларды чектөөнү, жаңы экспорттук квоталарды берүүнү токтотууну жана көзөмөлдү күчөтүүнү камтыйт. Керектөөчүлөр үчүн бул баалардын кескин көтөрүлүшүн алдын алууга мүмкүнчүлүк, бизнес үчүн — ишин алдын ала болжолдоп жүргүзүүгө шарт, фермерлер үчүн — чыгымдар менен стратегияларды адаптациялоону талап кылган чакырык болуп саналат.