
Жарыяланган
2026-02-03, 17:10Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушу дүйнөлүк рынокторго, айрыкча энергетика тармагына жана глобалдык логистикага таасир эте баштады. Бирок соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан айрым өлкөлөр үчүн геосаясий кризис коркунучтар менен катар жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да жаратышы мүмкүн.
Экономист Искендер Шаршеевдин пикири боюнча, дүйнөлүк экономиканын жалпы туруксуздугуна карабастан Кыргызстан да белгилүү бир экономикалык артыкчылыктарга ээ боло алат.
Акыркы күндөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кескин курчуду. АКШ жана Израилдин Иранга жасаган соккуларынан кийин жооп иретинде чабуулдар болуп, дүйнөлүк энергетиканын негизги артериясы саналган Ормуз кысыгын жабуу коркунучу айтылды. Бул багыт аркылуу дүйнөдөгү мунай жеткирүүлөрдүн болжол менен 20 пайызы өтөт.
Бул окуялардын фонунда мунайдын дүйнөлүк баасы кескин жогорулады.
Энергоресурстардын кымбатташы автоматтык түрдө жүк ташууларга, өнөр жайга жана азык-түлүк бааларына таасир берип, дүйнө жүзү боюнча кошумча инфляциялык басым жаратат.
Терс жагдайга карабастан, дүйнөлүк соода агымдарынын өзгөрүшү айрым өлкөлөргө экономикалык пайда алып келиши мүмкүн.
Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, Борбор Азия, айрыкча Кыргызстан кошумча экономикалык түрткү ала алат.
“Канчалык адепсиз угулбасын, бирок Кыргызстан мындан экономикалык жактан утат. Азыр айрым рыноктор жабылып, мунайдын баасы өсүүдө, бул болсо бүткүл дүйнөлүк экономикага таасир этүүдө”, — деди эксперт.
Анын айтымында, мунайдын кымбатташы жана логистикалык тобокелчиликтер дүйнөлүк деңгээлде инфляцияны бир нече пайыздык пунктка жогорулатышы мүмкүн. Ошол эле учурда дүйнөлүк соода багыттары өзгөрө баштайт.
“Кытайдан Европага кургактык аркылуу жөнөтүлгөн товарлардын көлөмүнүн өсүшүн байкашыбыз мүмкүн. Натыйжада, биздин реэкспорттон түшкөн кирешебиз да көбөйөт - өлкө транзиттен жана соодадан акча таба алат”, - деп эсептейт Шаршеев.
Кыргызстан акыркы бир нече жылдан бери аймактык соодада транзиттик жана реэкспорттук түйүн катары маанилүү роль ойноп келет. Деңиз аркылуу жүк ташууда кандайдыр бир үзгүлтүктөр жаралса, Борбор Азия аркылуу өткөн кургак маршруттардын мааниси ого бетер күчөйт.
Бирок экономикалык пайда менен катар жаңы социалдык жана инфраструктуралык чакырыктар да жаралышы мүмкүн.
Эксперт миграциялык агымдар күчөшү ыктымал экенин божомолдойт.
"Миграциянын көбөйүшү мүмкүн экендиги жөнүндө белгилер бар, анын ичинде орусиялыктар Дубайдан Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга көчүп келиши ыктымал".
Бул жагдай ички турак жай рыногуна кошумча басым жаратышы мүмкүн.
Экономисттин айтымында, акыркы беш жылда эле кескин кымбаттаган ижара жана кыймылсыз мүлк рыногу өсүүнү улантышы ыктымал.
Мигранттардын жана чет өлкөлүк адистердин суроо-талабынын көбөйүшү адатта аймактагы ири шаарларда ижара акысынын жана турак жай бааларынын жогорулашына алып келет.
Ошол эле учурда Кыргызстан глобалдык энергетикалык кризистин кесепеттеринен кача албайт. Дүйнөлүк мунай баасынын өсүшү сөзсүз түрдө күйүүчү майдын, логистиканын жана айыл чарба өндүрүшүнүн наркына таасир этип, өлкө ичинде кошумча инфляциялык басым жаратат.
Бирок бул таасир башка аймактарга салыштырмалуу анчейин кескин болбошу мүмкүн. Экономист Искендер Шаршеев белгилегендей, бул жерде Орусия менен түзүлгөн мунай продуктыларын жеткирүү боюнча келишим маанилүү роль ойнойт.
“Бизде Россия менен келишим бар, ошондуктан күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк рыноктогудай кескин секирбейт. Ошентсе да кымбаттоо байкалып жатат жана сыягы, уланат”, — дейт ал.
Эксперттин айтымында, дүйнөлүк логистикада мүмкүн болгон үзгүлтүктөр мисалы, Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттоонун татаалдашы Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнүн көлөмүнө олуттуу таасир эте коюшу күмөн.
Ошентсе да мунай баасынын өсүшү энергетика жана транспорт тармагында узак мөөнөттүү структуралык өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын күчөтөт.
“Мунайга байланышкан нерсенин баары кымбаттайт. Ошондуктан биз үчүн электромобилизация өзгөчө маанилүү болуп калат, айыл чарба техникасын жана транспортту электрдик же гибриддик чечимдерге өткөрүү зарыл”— деп белгилейт Шаршеев.
Анын айтымында, мунайга болгон көз карандылыкты азайтуу азыркы шартта экономиканын туруктуулугун камсыздоочу негизги факторлордун бири болушу мүмкүн. Ошол эле учурда башкы коркунуч геосаясий багытта кала берет.
Экономист Искендер Шаршеев сөзүн жыйынтыктап жатып мындай дейт: “Аймактык туруктуулук маселеси биринчи планга чыгууда. Биз коопсуздукту күчөтүп, глобалдык туруксуздук мезгилине даярданышыбыз керек”.


