Akchabarsearch

    Ата-эне болуу кымбатка турат: Кыргызстанда балалуу болууну кийинкиге жылдыргандар көбөйүүдө

    Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн көбү аз балалуу болууну чечип жатышат — бул эми убактылуу көрүнүш эмес, туруктуу тренд. 2025-жылы жаңы төрөлгөн балдардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 5 миңге аз болду. Ал эми 2024-жыл менен 2019-жылды салыштырганда — 33 миңге аз. 

    Эң чоң төмөндөө Бишкекте байкалат: борбор калаада төрөт көрсөткүчү акыркы төрт жылда дээрлик эки эсе азайды. Ошол эле учурда шаарда киреше, ооруканалар жана клиникалар көп. Анда эмнеге мындай тенденция жаралды? Мунун жообу экономикалык шарттарда. 

    Бишкек шаарында адамдар кеч үй-бүлө куруп, узак убакыт турак жайды ижарага алып жашашат, көбүрөөк карьерага жана билим алууга көңүл бурушат. Алардын бир баланы да жеткиликтүү камсыздай алам деген ишеними жетишсиз. Көп үй-бүлөлөр баланын төрөлүшүн олуттуу долбоор катары кабыл алышат: алдын ала акча топтоо, чыгымдарды эсептеп чыгуу жана моралдык жактан даярдануу керек.

    Борбор калаанын бир төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин айтымында бир нече жыл мурун аялдардын биринчи баласын төрөөнүн орточо жашы болжол менен 24 эле, ал эми бүгүнкү күндө ал болжол менен 30 жаштан башталат.

    Бишкектин тургуну Айжамал көп балалуу болууну пландаганын айтып берди, бирок азыркы шарттарда бул мүмкүн эместигин түшүнгөн.

    "Төрт бала төрөгүм келет, бирок корком. Алгач бир баланы чоңойтуп, кийинтип, камсыз кылыш керек. Бүгүнкү айлык менен турак жай, азык-түлүк бааларыбызга карап, экинчи баланы бага аларыма ишенбейм”.

    Кыргызстандын аймактарында абал кескин айырмаланат. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары жогорку төрөлүү көрсөткүчүн жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн салтын сактап келишет. Анда маданий баалуулуктар күчтүү, экономикалык жана социалдык тоскоолдуктар азыраак.

    Бул облустарда төрөлүү туруктуу жана өсүп жатат (мисалы, 2020-жылдан 2024-жылга чейин Ош облусунда 638 бала көбүрөөк төрөлгөн).

    УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандык аялдарды көп балалуу болууга бир нече жолу чакырган: бир-эки эмес, беш-он бала үй-бүлөдө болушу керек. Анын ою боюнча, ошондо өлкө өнүгүп, өз коопсуздугун камсыздай алат.

    Мамлекеттин коопсуздугу калктын санына жараша. Эгер калк көбөйбөсө, коопсуздукту камсыздоо татаал болот, — деди ал бир иш-чарада сүйлөп жатып. Кыргызстандыктардын саны 10 миллионго жетиши керектигин, мүмкүн болушунча бул эртерээк болушу зарылдыгын кошумчалаган.

    Өлкөдө төрөлүү көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн Кыргызстанда тоолуу жана жетүү кыйын аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо программасы кабыл алынган. Аларга 100 миңден 1 миллион сомго чейин энелик капитал берилет. Алсак, төртүнчү бала үчүн — 100 миң сом, бешинчиси үчүн — 600 миң сом, жетинчиси үчүн — 1 миллион сом жана онунчусу үчүн — 2 миллион сом берилүүгө тийиш.

    Жакыр элдин төрөлүү көрсөткүчү жогорулайт

    Төрөлүү көрсөткүчтүн төмөндөшү — бул дүйнөлүк көрүнүш. 1960-жылдарда бир аялга орточо эсеп менен 5 бала туура келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 2,3кө чейин түшкөн.

    Экономика, урбанизация, аялдардын коомдогу ролунун өзгөрүшү — булардын баары демографияга таасир этет. Кирешеси жогору өлкөлөрдө балдар “кымбат долбоор” болуп эсептелет, анткени аларга акча гана эмес, убакыт, күч жана билим да керек. Ата-энелер балдардын санын азайтып, аларга жакшыраак келечек түзүүгө аракет кылышат. Ошондой эле, аялдар көбүрөөк билим алып, карьера куруп, үй-бүлөгө кечирээк кадам ташташат — бул да төрөлүү санын азайтат.

    Натыйжада бай өлкөлөр демографиялык төмөндөө жана калктын курагынын карылыгы менен бетме-бет келет. Япония, Түштүк Корея, Германия — булар буга ачык мисалдар.

    Ал эми кедей өлкөлөрдө төрөлүү жогору бойдон калууда. Мисалы, Нигер же Сомали сыяктуу жашоо деңгээли төмөн өлкөлөрдө бир аялда 7 бала төрөлүшү мүмкүн.

    Сандан сапатка

    Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, адам капиталы эң маанилүү факторлордун бири, бирок адамдардын сапаты да кем мааниге ээ эмес.

    “Кыргызстан демографиялык туруктуулуктун чегинде турат — учурда бир аялга орточо эсеп менен болжолдуу түрдө 3,5 бала туура келет. Бул өлүм-житимди эске алуу менен калктын кайра жаралуусу үчүн жетиштүү. Бирок төмөндөө тренди уланса, келечекте өлкөнү да демографиялык төмөндөө күтүп турушу мүмкүн”, — дейт ал. Адис кошумчалагандай, коңшу өлкөлөрдүн арасында Өзбекстанда төрөлүү көрсөткүчү жогору.

    Жашоо деңгээли жакшы болгондо төрөлүү төмөн болушу табигый көрүнүш. Адамдар жеке убактысын, ыңгайлуулукту жана карьерасын көбүрөөк баалай башташат. Туруктуулук шартында стресстин деңгээли төмөндөйт, андан улам калктын көбөйүү биологиялык муктаждыгы да азаят.   

    Шаршеевдин пикиринде, энелик капитал сыяктуу каржылык чаралар башка — тереңирээк жагдайлар менен биргеликте ишке аша алат. Бул — салттуу баалуулуктарды колдоо, патриоттуулукту өнүктүрүү жана аялдарга энелик милдетти жумуш менен өзүн-өзү өнүктүрүү аркылуу айкалыштыра турган шарттарды түзүү.

    “Балдар үчүн жөн гана акча төлөп берүү менен төрөлүү көрсөткүчү кыска убакытка гана өсөт. Үй-бүлө — бул табигый жана урматтоого татыктуу тандоо болгон чөйрө керек. Жаштар өлкөгө жана келечекке жоопкерчилик сезиши керек”, — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.


    Тектеш материалды окуу