Жарыяланган
2025-19-05, 11:49Кыргызстанда финансылык лизингге болгон кызыгуу тездик менен өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы 3,7 миңден ашык лизинг келишими түзүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 24%га көп. Бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү 6,6 млрд сомду түздү. Жогоруда аталган көлөмдүн жарымынан көбү машина курууга, автомобиль жасоого жана станок жасоого, төрттөн биринен ашыгы айыл чарба машиналарына жана жабдууларына, 20%га жакыны курулуш жана жол машиналарына туура келди. Калгандары имараттар жана курулуштар, башка транспорт каражаттары жана айыл чарба жаныбарлары.
Адистер лизингдин популярдуулугун анын жеткиликтүүлүгү менен байланыштырышат. Классикалык кредиттен айырмаланып, лизингдик предмет күрөөнү жана көпчүлүк учурда кепилдик берүүнү талап кылбайт. Мындан тышкары, жабдуулар дароо эле ишкерге жеткиликтүү болуп, иштей баштайт, демек, киреше алып келет.
Лизингди тариздөө адатта азыраак убакытты талап кылат жана шарттары ийкемдүү. Мөөнөтү 10 жылга чейин болушу мүмкүн жана төлөмдөр бирдей бөлүштүрүлөт, бул бизнестин жүгүн азайтат. Ишкердик тарабынан ижарага алынган негизги каражаттардын импорту КНСтен бошотулат (ТН VED коддору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген шартта).
Рынокто лизингдик компаниялардын кеңири спектри бар болсо да, банктар дагы пайдалуу сунуштарга ээ. Лидерлердин бири “Айыл Банк”. Ал өлкоөдөгү бардык банктарынын ичинен лизингдик долбоорлордун эң көп түрүн сунуштайт. Булар менчик жана өнөктөш программалар, анын ичинде өкмөттүк программалар да бар. Эң популярдуу программалардын бири — «Мамлекеттик лизинг» программасы. Бул программа аркылуу айыл чарба техникасынын кеңири түрлөрүн сом менен, жылдык 6%дан башталган чен менен лизингге алууга болот. Максималдуу мөөнөт — 7 жылга чейин, ал эми баштапкы төлөм лизинг затынын баасынын 10%дан баштап, бул сумма дароо биринчи лизинг төлөмү катары эсепке алынат.
Ошондой эле жабдуулар менен техниканын түрлөрү кеңири камтылган “АБ-лизинг” программалары да жеткиликтүү. Пайыздык чендер — сом менен жылдык 12%дан, доллар менен 9%дан баштайт, мөөнөтү — 5–6 жылга чейин.
Мындан тышкары, “Айыл Банктын” продукттарынын катарында “Колдонулган техника жана автоунааларды лизингге алуу” (АТП-Лизинг) программасы да бар. Бул программа боюнча мурда пайдаланылган айыл чарба техникасын, чиркегич жабдууларды, ошондой эле атайын техника менен жүргөн транспорт каражаттарын лизингге алуу үчүн арыздар каралат. Бул продукттун шарттары: лизингдин валютасы – сом жана АКШ доллары, лизинг боюнча пайыздык чендер сом менен жылдык 20%дан, доллар менен жылдык 13%дан баштап, финансылык ижаранын мөөнөтү 4 жылга чейин, лизинг затынын баасынан 30%дан башталган өздүк салым талап кылынат.
“Айыл Банкта” ар кандай программалар бар, ошондуктан кайсынысы ылайыктуу экенин алдын ала аныктап, анын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу маанилүү.
Башка мамлекеттик банк — “Элдик Банк” да техника, жабдуу жана башка предметтерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Шарттары — сом менен 17–19% жылдык, доллар менен 9–11% жылдык, мөөнөтү 6 жылга чейин. Ошондой эле алар 6%дык чен менен КАПК программасына да катышат.
Жеке банктар да, мисалы “ФинансКредит Банк” жана “Азия Банкы” лизинг кызматын сунушташат, бирок пайыздык чендери жогору — сом менен жылдык 23%дан башталат. Мөөнөтү — 5 жылга чейин, ал эми баштапкы төлөм — 20–30%.
Ошентип, мамлекеттик банктар эң арзан шарттарды сунушташат, муну биздин каарманыбыз пайдаланып, “Айыл Банкка” кайрылган.
Олег Вислевский — “ТехноТОП” курулуш компаниясынын жетекчиси, компания асфальт төшөө, жолдорду куруу, магистралдык трубопроводдорду тартуу, ошондой эле суу берүү жана жылуулук берүү системаларын орнотуу менен алектенет. Ар жылы компания өсүп жатат, жана жаңы буйрутмаларды аткаруу үчүн көбүрөөк техника талап кылынат.
“Биз лизингди бир нече жыл мурун колдонуп баштадык жана азыр жыл сайын техниканы дал ушундай жол менен сатып алабыз. Биз “Айыл Банкты” тандаганбыз. Үч жыл мурун — автогрейдер жана 6 самосвал, өткөн жылы — асфальт аралаштыруучу станок, ушул жылы — эки жол каткасын алдык. Бул чоң сумманы дароо жумшабастан, техниканын баасын акырына чейин төлөп, аны иште колдонуп, киреше табууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп түшүндүрдү Олег Вислевский.
Анын айтымында, лизингди тариздөө күткөндөн да кыйла жеңилирээк болду.
"Мамлекеттик банкта баары катаал жана формалдуу деп ойлогонбуз. Бирок “Айыл Банктын” кызматкерлери биздин арызга өтө кылдаттык менен мамиле кылып, бизнестин өзгөчөлүктөрүн эске алып, ыңгайлуу шарттарды сунушташкан. Өзгөчө жагымдуусу, техника өзү кепилдик катары кызмат кылат – күрөөгө кыймылсыз мүлк же башка мүлктөрдү коюунун кереги жок", - дейт ишкер.
Компания техниканы беш жылга лизингге алды. Ошол эле учурда, Вислевскийдин айтымында, төлөмдөр бизнес үчүн кыйынчылык жаратпайт.
"Мөөнөтү менен суммасын атайын эсептеп, жүгүртүү каражатына таасирин тийгизбей тургандай кылып эсептейбиз. Жабдуулар иштейт, чыгашалар төлөнүп, киреше өсүп жатат", - дейт ишкер.
Анын айтымында, лизингдин жардамы менен компания автопаркын олуттуу кеңейтип, ижарадан баш тартып, ири тендерлерге катыша баштады. Өздүк техника болушу — үнөмдөө мүмкүнчүлүгү гана эмес, чоң объекттерге талпынуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, жаңы техника — бул командада мотивациянын жогорулашына түрткү берет. Адамдар компаниянын өнүгүп жатканын көрүшөт.
Олег кошумчалагандай, лизинг өз кадамдарын эсептей билгендер болгондор үчүн ыңгайлуу курал. "Эң негизгиси, жабдууларды кантип жана кайда колдонуу керектигин түшүнүү. Бул конкреттүү долбоорлор үчүн аң-сезимдүү тандоо болушу керек. Ошондо гана лизинг чын эле бизнести өнүктүрүүгө жардам берет”, — деди ал.
Лизингди банк аркылуу жеке ишкер жана юридикалык жак да ала алат. Негизги талап жөнөкөй — төлөөгө жөндөмдүүлүк.
Документтерден арыз, паспорттун көчүрмөсү жана ИНН, бизнес боюнча каттоо документтери, уставдык жана негиздөөчү документтер, ошондой эле кирешелер тууралуу маалымат талап кылынат. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кошумча маалымкаттар жана жерге укук тастыктоочу документтер керек.
Арызды банктын каалаган бөлүмүнө тапшырса болот. Кээ бир учурларда онлайн түрүндө да — сайт аркылуу же кардардын жайгашкан жериндеги менеджердин жардамы менен тариздесе болот.