Akchabarsearch
Президент автомектептердин ээлеринен кечирим сурап, реформанын себебин түшүндүрдү

Жарыяланган

2026-06-02, 17:44

Президент автомектептердин ээлеринен кечирим сурап, реформанын себебин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде автомектептердин ээлеринен кечирим сурап, бул тармакта жасалып жаткан реформанын себептерин түшүндүрдү. 

Жапаровдун айтымында, беш жыл аралыгында өлкөдө мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде көптөгөн маанилүү иштер жасалды: Кумтөр мамлекетке алынды, алтындын запасы көбөйдү, армия күчтөндү, ГЭСтер салынууда, тышкы саясат жакшырды, тышкы карызды кайтарууда эч кандай көйгөй жок ж.б.  

“Эми ушул иштердин баары бириктирип карасак, баар бир тең да, “Унаа” ишканасында жасап жаткан реформабыз бир тең. Себеби бул реформа - мамлекеттин башкы байлыгы болгон адам өмүрүнө түздөн-түз тиешеси бар маселе. Жол кырсыгынан каза болгондордун статистикасын баарыбыз эле көрүп турабыз. Абал жакшы эмес”, - дейт ал.

Анын айтымында, азыркы реформанын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет.

“30 жылдан бери күбөлүк сатып алган биздин муун кетип, азыркы 10 ай окуп аткандар жана сентябрдан баштап мектептерде окуган балдардын мууну калганда жыйынтыгы сезилет. 50-60 жыл талап кылынат.

Азыр катуу эрежелерди киргизип реформа кылып алсак, бир калыпка түшкөн соң, статистика да өзгөрөт. Адам өлүмү азаят. Ошондо коом өз баасын берет деп ойлойм. Ошондуктан коомчулукту бул өзгөрүүлөрдү колдоого, түшүнүү менен кабыл алууга чакырам”, - дейт президент.

Сөзүн улай президент жеке мектептерди жапканы үчүн анын ээлеринен кечирим сурады. 

“Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек баарыбыздыкы. Силердики дагы. “Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө”, - дейт Жапаров. 

Жапаров билдиргендей, автомектептерде окуутуну 10 айга чейин узартуу ойдон чыгарыла калган убакыт эмес. Дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынды.

“Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө 1 жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларды 10 айга ылайыкташты”, - дейт ал.

Президенттин айтымында, ал “мүмкүн болсо окуу программаларды кысып, жумасына 3 жолу 2 сааттан эмес, 5 жолу 2 сааттан окутуу жагын карап көргүлө” деген сунушун берген.

Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу үчүн онлайн окуса да болорун билдирди.

“Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер, кокус эле 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип атышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот. Бирок окуучу даяр болушу кыйын”, - дейт Жапаров. 

Жапаров коомчулуктан аталган өзгөрүүлөрдү колдоону суранды. 

“Окутуу программасында жол эрежелерин эле үйрөтүү эмес, айдоочулук этикага дагы окутуу бар.Сиздерге канчалык кыйын болсо дагы келечек үчүн кам көрүп жаткан иштерибизди колдоп бериңиздер”, - дейт ал. 


Тектеш материалды окуу