Akchabarsearch
Сегиз айда Өзбекстанга 551.7 млн сомго бодо мал экспорттолду

Жарыяланган

2026-05-11, 15:00

Сегиз айда Өзбекстанга 551.7 млн сомго бодо мал экспорттолду

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандан чет жакка 551.7 млн сомго бодо мал экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Сегиз айда чет жакка дээрлик 30.4 миң баш бодо мал экспорттолгон. Алардын баары бир өлкөгө - Өзбекстанга кеткен.

Былтыр да бодо мал Өзбекстанга гана сатылган. Бирок 2025-жылдын январь-август айларына караганда быйылкысында экспорт 2.6 эсе же дээрлик 18.8 миңге көбөйгөн. Былтыр сегиз айда Өзбекстанга 11.6 миң баш бодо мал экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу