Akchabarsearch
Токмокто  унааларынан кара түтүн чыккан беш айдоочу айыпка жыгылды

Жарыяланган

2026-05-11, 15:30

Токмокто унааларынан кара түтүн чыккан беш айдоочу айыпка жыгылды

Токмок шаарында унааларынан кара түтүн чыккан беш айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл миинистрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, алардын аймактык кызматкерлери автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын абага тийгизген таасирин азайтуу максатында Токмок шаарында текшерүү жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында беш автоунаадан ченемден ашыкча зыяндуу зат бөлүнүп чыгып жатканы аныкталган. Ага байланыштуу аталган жарандарга жалпы 53 миң сом айып пул салынган.

"Мындан тышкары, айдоочулар арасында атмосфералык абаны булгоонун кесепеттери жана унаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу