Akchabarsearch
Кыргызстанга 1.12 млрд сомго сыра импорттолду

Жарыяланган

2026-05-11, 16:00

Кыргызстанга 1.12 млрд сомго сыра импорттолду

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга чет жактан 1.12 млрд сомго сыра импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Сегиз айда өлкөгө 10.8 млн литр сыра ташып келинген. Бул ичимдик Кыргызстанга 16 өлкөдөн импорттолгон. Бирок сыранын көбү Россия (7.25 млн литр) менен Казакстандан (2.95 млн литр) келген.

2025-жылдын сегиз айына караганда быйылкысында сыранын импорту 886.3 миң литрге азайган. Былтыр январь-август айларында өлкөгө 11.72 млн литр сыра импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу