
Жарыяланган
2026-05-11, 17:002026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга чет жактан 8.74 млрд сомго цемент импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Сегиз айда өлкөгө дээрлик 1.2 млн тонна цемент ташып келинген. Ал Кыргызстанга 6 өлкөдөн импорттолгон.
2025-жылдын сегиз айына караганда быйылкысында цементтин импорту 1.5 эсе же 414.9 миң тоннага көбөйгөн. Былтыр сегиз айда Кыргызстанга 780.5 мин тонна цемент ташып келинген.


