Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: “Үйлөнөм” дегендер медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болот, өтпөгөндөр үйлөнө албайт

Жарыяланган

2026-27-04, 16:36

Мыйзам долбоору: “Үйлөнөм” дегендер медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болот, өтпөгөндөр үйлөнө албайт

Кыргызстанда үйлөнүп жаткан жубайларды медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Нуржамал Төрөбекова иштеп чыгып, документ коомдук талкууга чыгарылды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилегендей, Кыргызстанда инфекциялык оорулар, айрыкча сарыктын (гепатит) В, С жана D түрлөрү, ВИЧ-инфекциясы көйгөй бойдон калууда. 

Сарык (гепатит, В, С жана D түрлөрү) узак убакыт бою билинбей өтөт. Бул оору кан жана биологиялык суюктук аркылуу жугат. Аны убагында дарылабаса, ал өтүшүп кетип, өнөкөт ооруга айланышы мүмкүн. Ал кара сарыкка (боор циррозу), боордун рагына жана иммунитеттин бузулушуна алып келет. 

Практика көрсөткөндөй, көп жарандар инфекциялык оорусу тууралуу кабары жок жүрөт. Алар турмуш кургандан кийин оорусу жубайына жуккан учурлдар бар. Мындан улам жарандарды инфекциялык оорулардан коргоо үчүн баш кошуп жаткан жубайларды медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүү сунушталууда. 

Алар сарыктын (гепатит) В, С жана D түрлөрүнө, ВИЧ-инфекциясына, венерологиялык ооруларга текшерилиши керек болот. Текшерүүнүн жыйынтыгы жубайлардын макулдугу менен гана бири-бирине ачыкталат. 

Эгер жубайлардын бири аталган оорулардын бири менен оорганын жашырса, экинчиси сотко кайрылып, никени жокко чыгарууга укуктуу. 

Баш кошкон жубайлардын медициналык текшерүүдөн өтүүсү, дарыгерден кеңеш алуусу жашаган жериндеги медициналык мекемеде акысыз жана милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. 

Сунушка ылайык, турмуш куруу үчүн жубайлар медициналык текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымкатты көрсөтүшү керек болот. Антпесе алар баш кошо алышпайт.

Азырынча мыйзам долбоору кабыл алына элек, коомдук талкууга гана чыгарылды.
 


Тектеш материалды окуу