Akchabarsearch
Майлуу-Сууда 100 орундуу оорукана курулат

Жарыяланган

2026-26-10, 17:09

Майлуу-Сууда 100 орундуу оорукана курулат

Майлуу-Суу шаарына 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын куруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Долбоорду ишке ашыруу шаар тургундарына жана ага чектеш аймактардын калкына медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, Майлуу-Суу шаарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу маселелери 23-октябрда президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын жүрүшүндө талкууланды.
 


Тектеш материалды окуу