Akchabarsearch
Майлуу-Сууда 1953-жылы курулган стадион реконструкцияланат
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-26-10, 15:49

Майлуу-Сууда 1953-жылы курулган стадион реконструкцияланат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 1953-жылы курулган шаардык стадионду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана реконструкциялоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Эскиздик долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Долбоорго ылайык, стадиондун аймагында төмөнкү иштерди жүргүзүү каралган:

·         Футбол талаасынын жабуусун жаңылоо жана дренаждык системаны орнотуу;

·         Чуркоо жолун жаңылоо;

·         Баскетбол жана волейбол аянтчаларын куруу;

·         Батыш жана чыгыш трибуналарын оңдоп-түзөө;

·         Спорттук жана машыгуу залдарын, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөрдү жаңылоо;

·         Футбол талаасына жарыктандыруу системасын орнотуу;

·         Унаа токтотуучу жай куруу.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин стадион шаар тургундары үчүн спорт менен машыгууга, футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган заманбап спорттук жайга айланат.


Тектеш материалды окуу