
Жарыяланган
2026-26-10, 16:21Кара-Балта шаарындагы «Азия Сталь» заводунун мештеринин иши экологиялык талаптар бузулгандыктан убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар абанын булганышына байланыштуу арызданышкан. Мындан улам кызматтын адистери шаардагы төрт ишкананы текшеришкен.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Азия Сталь» заводунда экологиялык талаптар бузулганы аныкталган. Учурда ишкананын уруксат берүүчү документтери да текшерилип жатат. Ошондой эле аймакта өндүрүш калдыктары мыйзамсыз төгүлгөн учурлар аныкталды.
Мындан тышкары, «Ихсан Групп» ишканасы бир жылдан бери иштебей турганы белгилүү болду. Ал эми Кара-Балтадагы бут кийим фабрикасынан абага зыяндуу заттар бөлүнүп чыкканы аныкталган жок. Бирок ишкана өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.
Ошондой эле «СУ-4» асфальт-бетон заводунун жабдуулары текшерилип, лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Акыркы чечим анализдердин жыйынтыгы чыккандан кийин кабыл алынат.



