Akchabarsearch
Кара-Балта шаарына бөлүнгөн 1 млрд сомдук каражат боюнча коррупция аныкталды

Жарыяланган

2025-22-09, 14:37

Кара-Балта шаарына бөлүнгөн 1 млрд сомдук каражат боюнча коррупция аныкталды

Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүү, суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо иштерине багытталган 1 млрд сомду өздөштүрүү боюнча, текшерүү учурунда ири суммадагы коррупция фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, иш аткаруучу “Г.Т.И.” ЖЧКнын башкы директору А.Н.А.” курулуш-монтаждоо иштеринин баасын жалпысынан 27.2 млн сомго негизсиз жогорулатып көрсөткөн.

Бул факты боюнча аталган ишкананын жетекчиси “А.Н.А.”га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп,УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мамлекеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо иштерин улантууда.

 


Тектеш материалды окуу