
Жарыяланган
2026-28-01, 15:09Кара-Балтада баасы 105,9 млн сом болгон социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндөгү социалдык объект жер тилкеси менен биргеликте мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталды.
Натыйжада жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн социалдык объект толугу менен мамлекетке кайтарылды. Анын базар баасы 105,9 млн сомду түзөт.



