Akchabarsearch
Кара-Балта тигүү цехи мамлекеттин балансына кайтарылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-23-09, 16:35

Кара-Балта тигүү цехи мамлекеттин балансына кайтарылды

Кара-Балта шаарынын Гвардейская көчөсү 18 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 12 миң 400 чарчы метр болгон мурдагы Кара-Балта тигүү цехинин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Буга чейин,1992-жылы “И.Р.И.” Кара-Балтадагы тигүү цехинин директору болуп турганда, КРнын социалдык объектилерди менчиктештирүүгө тыюу салган мыйзамдарын бузуп, объектти жакын тууганынын атына менчиктештиргени аныкталган.

Натыйжада, аталган тигүү цехинин ээси өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.
 


Тектеш материалды окуу