Akchabarsearch
Кыргызстандагы банктар акча алмаштыруучу жайга айлануудабы?
Сүрөт алынган жер: www

Кыргызстандагы банктар акча алмаштыруучу жайга айлануудабы?

Акыркы беш жылда валюталык операциялар Кыргызстандын банктары үчүн негизги киреше булактарынын бирине айланды. Эгерде 2019-жылы алар банк системасынын жалпы кирешесинин болгону 4% тегерегин түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 12.07%ке чейин өсүп, 33.3 миллиард сомду түздү. Чет өлкөлүк валюта менен операциялардан түшкөн киреше 19 эседен ашык көбөйдү.

Валютадан ким көп киреше табат?

Валюталык операциялардан түшкөн кирешелер дээрлик бардык банктарда өстү. Абсолюттук рекорд Бакай Банкка таандык — анын чет элдик валютадан түшкөн кирешеси 2019-жылдагы 100.7 миллион сомдон 2024-жылы 7.1 миллиард сомго чейин өсүп, дээрлик 71 эсеге жогорулады. Евразия Өнүктүрүү Банкынын көрсөткүчү 60.6 эсеге өсүп, 4.4 миллион сомдон 264.3 миллион сомго жетти. Кирешеси эң көп өскөн беш банктын катарына мамлекеттик Элдик жана Айыл банктары, ошондой эле жеке менчик Мбанк да кирди.

Өткөн жылдын жыйынтыгында чет элдик валютадан эң көп киреше тапкан төрт банк болду: Мбанк (7.7 миллиард сом), Бакай Банк (7.1 миллиард сом), Элдик Банк (4.8 миллиард сом) жана Айыл Банк (4.6 миллиард сом).

Мындан тышкары, Оптима Банк, KICB жана Демир Банк да валюталык операциялардан олуттуу киреше алышты — ар бириники 1 миллиард сомдон ашты. Ал эми 2019-жылы валютадан эң көп киреше тапкан банктар катары Оптима Банк (251.7 миллион сом), Мбанк (194.5 миллион) жана Демир Банк (183.6 миллион) саналган.

Валюталык киреше эмне үчүн өсүп жатат?

Валюталык операциялардан түшкөн кирешенин өсүшү жөн жерден эмес. Биринчиден, 2019-жылдан бери Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү көбөйдү – 2024-жылы 2,4 миллиард доллардан дээрлик 3 миллиард долларга чейин. Негизги агым кыргызстандыктар иштеген Орусиядан келет. Бул акча өзгөчө валюта курсунун серпилүүсүнүн фонунда валютага туруктуу суроо-талапты жаратат.

Экинчиден, банктар өздөрү санариптик каналдарды активдүү өнүктүрүштү. Валюта алмаштыруу, эл аралык которуулар жана мультивалюталык карталар мобилдик тиркемелер аркылуу – бир чыкылдатуу менен жеткиликтүү болуп калды. Бул кардарлар үчүн процессти жеңилдетип, операциялардын көлөмүн кыйла көбөйттү.

Мындан тышкары, “Акчабардын” өздүк булагы белгилегендей, валюталык активдүүлүктүн өсүшүнө геосаясий окуялар таасир этти. Орусия өзүндөгү кырдаалдан улам айрым тышкы экономикалык операцияларды Кыргызстан аркылуу жүргүзө баштады. Натыйжада, банктар “сом-доллар” жуптары боюнча гана эмес, “рубль-сом”, “сом-доллар” боюнча да киреше табууда.

Ошол эле учурда негизги киреше так ушул рубль-сом конвертациясынан түзүлөт. Ошентип, банктар салттуу валюта алмашуудан сырткары, тышкы экономикалык схемаларды тейлөөдөн да пайда таба баштады.

Киреше түзүмүндө чет элдик валютанын үлүшү чоң 5 банк

Бүгүнкү күндө чет элдик валютадагы кирешенин эң чоң үлүшү “Коммерциялык КСБ Банкына” таандык — 45%дан ашык. Бул банктын чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен түзүлгөндүгүнө жана анын активдери жана операциялары чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

Андан кийин Капитал Банк турат, анын кирешесинин түзүмүндө чет элдик валюта менен операциялар дээрлик 30% түзөт. Мбанктын көрсөткүчү 26.49%, Евразиялык сактык банкы — 26.47%, ал эми валюталык кирешелер боюнча бештикти “Дос-Кредобанк” 24.2% менен бекитет.

Анын ичинде эң аз үлүш “Финка Банк” жана “Керемет Банкта” — тиешелүүлүгүнө жараша 4.5% жана 5.6% түзөт.

Банктардын жаңы ролу

Негизинен, банктар ири валюта алмашуу бюролорунун айрым функцияларын өзүнө алды. Алар валютадан салттуу алмашуучулар менен салыштырмалуу киреше табышат, бирок салыштырганда кыйла кеңири инфраструктура жана камтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бирок кырдаал жакынкы убакта өзгөрүшү мүмкүн. Себеби Министрлер кабинети тарабынан Капитал Банк рублдик которууларды жүргүзүүчү оператор болуп дайындалды. АКШ Керемет Банкты санкцияларга кабылган товарлар үчүн акча которду деп Россияны колдоого айыптаган. Мындан улам, бардык рублдик операцияларды бир гана банк жүргүзүшү керек — мамлекеттик толук көзөмөлдө, күнүмдүк отчеттуулук менен деген чечим кабыл алынды. Мындай банк катары “Капитал” тандалды. Бул жагдайды жана негизги киреше “рубль-сом” жуптарын конвертациялоодон түшөрүн эске алсак, башка коммерциялык банктардагы валюталык операциялардан түшкөн пайда азайышы толук ыктымал.

 


Тектеш материалды окуу

  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24
  • Кыргызстандагы жаңы «Алма Финанс Банктын» артында кытайлык бизнес-конгломерат турат

    Бишкекте “Алма Финанс Банк” ЖАК деп аталган жаңы каржы мекемеси каттоодон өттү. Улуттук банк анын түзүлүшүнө уруксат берди, бирок рынокко чыгыш үчүн банк жөнгө салуучудан лицензия алышы керек. Бир караганда, бул банк секторунун кадимки экспансиясы болуп көрүнөт.
    2025-17-09 14:00:44
  • Валюталык пайданын алтын доору аяктады: банктардын кирешеси 2 млрд сомго кыскарды

    Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда
    2025-15-09 06:53:03