
Жарыяланган
2026-05-02, 13:29Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өлкөдөгү кымбатчылык маселесин көтөрдү.
Депутатын айтымында, кымбатчылык элдин көкөйүнө жетти. Айрыкча элетте жашаган жарандарга оор тийүүдө. Ата-энелер, кары-картаңдар, пенсионерлер окуу жайдагы контракттын кымбаттаганын айтып, “балдарыбызды кантип окутабыз?” деген маселени кабыргасынан коюуда.
Талиева өкмөттү кымбатчылык маселесин колго алууга үндөдү.
“Баанын өсүшү боюнча маселени колго алгыла. Дыйкан-фермерлердин азык-түлүгүн элге ортомчусуз, өз баасында сатуу үчүн конуштарда жарманкелерди көбүрөөк уюштургула”, - деди ал.



