Akchabarsearch
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2030-жылга чейин Кыргызстанга $1 млрд инвестиция салууну көздөөдө

Жарыяланган

2026-06-08, 12:52

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2030-жылга чейин Кыргызстанга $1 млрд инвестиция салууну көздөөдө

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2030-жылга чейин Кыргызстандын экономикасына дагы 1 млрд доллар инвестиция салууну пландоодо. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков “Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар” аттуу пленардык сессияда билдирди.

Анын айтымында, фонд биринчи 1 млрд долларлык каржылоо көлөмүнө жетүү үчүн 10 жыл убакыт короткон. Эми кийинки 1 млрд долларды 2030-жылга чейин, башкача айтканда 5 жыл ичинде инвестициялоо максаты коюлууда.

Новиков фонд мындан ары жөн гана каржы берүүчү мекеме эмес, мамлекеттерди, ишкерлерди жана инвесторлорду бириктирген ири долбоорлордун өнөктөшү болорун белгиледи.

Учурда фонддун капиталы 500 млн долларды түзөт. Аны эки эсеге көбөйтүп, 2030-жылга чейин 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда.

Жаңы инвестициялар өнөр жай, өндүрүш, энергетика, транспорт, туризм жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.


Тектеш материалды окуу