
Жарыяланган
2026-06-08, 12:26Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2015-2025-жылдары Кыргызстандагы ар кандай долбоорлорду каржылоого 1 млрд 28 млн доллар жумшаган. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Бул каражаттын 735,4 млн доллары 163 ири долбоорго, ал эми 292,5 млн доллары 3 миң 533 чакан жана орто бизнес долбооруна берилген.
Фонд негизинен өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү, кайра жаралуучу энергетика, транспорт, туризм жана башка тармактарды колдогон.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен фонд каржылаган ишканалар:
· 172.9 млрд сомдук киреше тапкан;
· 342.7 млн долларлык продукция экспорттогон;
· 9.8 млрд сом салык төлөгөн;
· 33.7 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түзгөн.



