
Жарыяланган
2026-04-05, 14:38Быйыл январь–март айларында курулуш иштеринин жалпы көлөмү 68 млрд 826.5 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1.3 эсеге көп.
Март айында гана курулуштун көлөмү 50 млрд 800.5 млн сомго жеткен. Бул да өткөн жылдын март айына караганда 1.3 эсеге жогору.
Ошол эле учурда өлкөдө инвестициялар да көбөйүүдө. Январь–март айларында негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 77 млрд 319 млн сом болду. Бул сумма да былтыркы жылга салыштырмалуу 1.3 эсеге өскөн.
2026-жылдын март айында инвестициялар 59 млрд 467.8 млн сомду түзүп, 2025-жылдын март айына салыштырмалуу 1.3 эсеге көбөйгөнү байкалды.



