
Жарыяланган
2026-22-07, 15:23Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров 22-июлда Чүй облусунун Новопокровка айылында курулуп жаткан «Гласс Центр» заводунда болду.
Агенттиктин маалыматына ылайык, ал заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышып, инвесторлор жана компаниянын жетекчилиги менен ишкананы ишке киргизүү боюнча даярдык иштерин талкуулады.
Завод айнек идиштерди жана күзгү үчүн айнектерди чыгарат.
Долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда. Ага жалпысынан 5.5 млн доллар инвестиция салынууда. Каражаттын 50.7%ын Өзбекстан—Кыргызстан өнүктүрүү фонду, ал эми 49.3%ын инвесторлор өздөрү каржылайт.
Равшанбек Сабиров мындай долбоорлор өлкөгө инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өнөр жайды өнүктүрүүгө жардам берерин белгиледи.
Завод ишке киргенден кийин Кыргызстанда айнек продукциясынын өндүрүшү көбөйүп, импортко болгон көз карандылык азайып, жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө.



