Akchabarsearch
Кыргыз-Россия экономикалык форумунда $545.5 млнга бааланган жети келишимге кол коюлду

Жарыяланган

2026-06-08, 13:51

Кыргыз-Россия экономикалык форумунда $545.5 млнга бааланган жети келишимге кол коюлду

Ысык-Көлдө өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында жалпы каржылоо көлөмү 545.5 млн долларга чейин жеткен жети келишимге кол коюлду.

Келишимдер “Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар” аттуу пленардык жыйындын жыйынтыгында түзүлдү.

Документтер кайра жаралуучу энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, телекоммуникация, логистика, темир жол транспорту жана каржы кызматтары багытындагы долбоорлорду камтыйт.

Эң ири келишим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы жана “АСТ Империал” компаниясынын ортосунда түзүлдү. Ага ылайык, Нарын облусунда кубаттуулугу ири күн электр станциясын куруу долбоору иштелип чыгып, ишке ашырылат. Долбоордун баасы 250 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары төмөнкү келишимдерге кол коюлду:

  • Экономика жана коммерция министрлиги менен “НООР” компаниясынын ортосунда май чыгаруучу завод куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлдү. Ишкана суткасына 400 тоннага чейин өсүмдүк майын өндүрө алат. Долбоорго 89 млн долларга чейин инвестиция тартылат.
  • Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Нова Винд КР” компаниясы Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейин жеткен шамал электр станциясын куруу боюнча келишим түздү. Долбоордун баасы 126 млн долларга чейин бааланууда.
  • Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “МВНО БКТ” компаниясы Кыргызстанда виртуалдык мобилдик байланыш операторун түзүү жана ишке киргизүү боюнча келишимге кол койду. Долбоорго 4,5 млн долларга чейин каражат багытталат.
  • “Муздаткыч” көп функционалдуу логистикалык паркы менен логистикалык комплексти куруу боюнча келишим түзүлдү. Долбоордун наркы 20 млн долларга чейин жетет.
  • Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Евразия өнүктүрүү банкы фондго 50 млн долларга барабар кайра жаңылануучу кредиттик линия берүү боюнча макулдашууга кол коюшту.
  • Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы темир жол вагондорунун дөңгөлөк жуптарын оңдоо үчүн участокту техникалык жабдуу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим түздү. Долбоордун баасы 6 млн долларга чейин болот.

Ошентип, жалпы жарыяланган инвестициялардын дээрлик жарымы Нарын облусунда курула турган күн электр станциясынын долбооруна туура келет.


Тектеш материалды окуу