
Жарыяланган
2026-06-03, 11:285-мартта Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде француз өндүрүшүндөгү 3D-сканер жана 3D-принтердин бет ачары өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен 45 850 еврого сатылып алынган.
Жаңы технологиялар протездерди так даярдоого, өлчөм алуу жана кийип көрүү процессин кыскартууга, ошондой эле реабилитацияны жеңилдетүүгө жардам берет. Мындай 3D-протездөө технологиясы КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу киргизилип жатканы белгиленди.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев, ошондой эле адистер жана өнөктөштөр катышты.



