
Жарыяланган
2026-24-03, 11:53Кыргызстандан сабиздин алгачкы партиясы Россияга экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Салмагы 20,7 тоннаны түзгөн жүк Пермь крайында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, сатууга уруксат алды.
Маалыматка ылайык, продукция тиешелүү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, фитосанитардык талаптарга жооп бергени аныкталды. Коштоочу документтер да текшерилип, товарда карантиндик организмдер жок экени тастыкталды.
Кыргызстандын сабиз экспорту акыркы жылдары туруктуу өсүүдө. 2025-жылдагы негизги экспорттук багыттар төмөнкүдөй болду: Россия — 4 546 тонна, Өзбекстан — 2 610 тонна, Тажикстан — 849 тонна, Монголия — 353 тонна, Казакстан — 38 тонна жана Армения — 8 тонна.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, сабиз өлкө үчүн маанилүү экспорттук продукциялардын бири бойдон калууда жана анын тышкы рынокко чыгышы жылдан-жылга кеңейүүдө.
Бардык экспорттук жүктөр фитосанитардык талаптарга ылайык коштоочу документтер менен камсыздалып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт.

