Akchabarsearch
Кыргызстанга айрым жашылчаларды импорттоодо бажы төлөмү алынбайт

Жарыяланган

2026-09-04, 14:50

Кыргызстанга айрым жашылчаларды импорттоодо бажы төлөмү алынбайт

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши айрым жашылчаларды импорттоодо бажы төлөмүнөн бошотуу чечимин кабыл алды. Бул чара азык-түлүктүн баасын туруктуу кармап туруу үчүн киргизилди.

Кыргызстанга 50 миң тоннага чейин картошка, 500 тонна түстүү капуста жана брокколи, 400 тонна бадыраң, 200 тонна баклажан, 2 миң тонна таттуу калемпир жана 5 миң тоннага чейин помидорду бажы төлөмүсүз алып кирүүгө уруксат берилди. 

Ал эми башка өлкөлөргө Казакстанга 100 миң тонна картошка, 100 миң тонна пияз, 35 миң тонна ак капуста, 30 миң тонна сабиз, Арменияга 5 миң тонна пияз, Беларуська 600 тонна түстүү капуста жана брокколи, 200 тонна баклажан, 5.2 миң тонна таттуу калемпир, Россияга 6.6 миң тонна баклажан жана 27 миң тонна таттуу калемпир импорттоого бажы жеңилдиктери берилди.

Жеңилдиктер чечим расмий жарыялангандан кийин 10 күн ичинде күчүнө кирип, быйылкы жылдын 30-июнуна чейин уланат.

Бул чечим сезон учурунда жашылчалар азайып кеткенде баалар кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн кабыл алынды.

 


Тектеш материалды окуу