Akchabarsearch
Кыргызстан монгол жүнүн кайра иштетип, ЕАЭБге экспорттоону сунуштады

Жарыяланган

2026-22-06, 12:14

Кыргызстан монгол жүнүн кайра иштетип, ЕАЭБге экспорттоону сунуштады

Кыргызстан Монголиянын жүнү менен кашемирин өлкөдөгү ишканаларда кайра иштетип, даяр продукцияны ЕАЭБ рыногуна экспорттоону сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода макулдашуусун ишке ашырууга арналган семинарда билдирди.

Анын айтымында, бул демилге Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондой эле Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиштерди, кургатылган мөмөлөрдү жана кондитердик азыктарды экспорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Анын алкагында ветеринардык талаптарды сактоо менен Монголиянын эт азыктарын Кыргызстанга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүгү да каралды.
 


Тектеш материалды окуу