
Жарыяланган
2026-08-09, 11:03Кыргызстанда белгиленген мөөнөттөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кайра кирүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы №602 токтомунда айтылат.
Эми Кыргызстанда болуу үчүн белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө визасыз кайра кирүүгө уруксат берилбейт.
Бирок айрым адамдар үчүн өзгөчө шарт каралган. Эгер мөөнөтүнөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын жарандыгы бар жубайы же жашы жете элек баласы болсо, туугандыгын документ менен тастыктаган учурда Кыргызстанга бир жолу кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Бул мүмкүнчүлүк өлкөдө өзүнүн укуктук статусун мыйзамдаштыруу үчүн берилет. Мындай жаран Кыргызстанга кирген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү уруксат документтерин тариздөөгө тийиш.
Ошондой эле, Кыргызстанда белгиленген мөөнөттөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр мыйзамда белгиленген тартипте жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрыла алат.
Чет өлкөлүк жарандын Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн ТМЭБТ автоматташтырылган системасы эсептейт. Мында анын Кыргызстанда мурда белгиленген жүрүү мөөнөтүнүн аяктаган күнү өлкөдөн акыркы чыккан күнү катары эсепке алынат.
№602 токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

