Akchabarsearch
Кыргызстанда мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдиктер үчүн чыгуу визасы кымбаттады

Жарыяланган

2026-12-05, 15:19

Кыргызстанда мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдиктер үчүн чыгуу визасы кымбаттады

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн чыгуу визасынын төлөмдөрүн өзгөрттү.

Жаңы тарифтерге ылайык:

•    3 айга чейин мөөнөт өткөрүп жиберсе — 200 доллар; 
•    3 айдан 1 жылга чейин — 1 миң 100 доллар; 
•    1 жылдан 2 жылга чейин — 2 миң 200 доллар. 

Эгер мөөнөт андан да көп өтүп кетсе, ар бир кийинки жыл үчүн кошумча 1 миң 100 доллардан төлөнөт.

Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 30-апрелиндеги токтом менен бекитилди.

Жаңы тартип Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча убактылуу эрежелердин алкагында киргизилип, 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Эске салсак, ушул эле токтом менен чет элдик жарандарга иштөөгө уруксат берүү функциясы убактылуу Тышкы иштер министрлигине өткөрүлгөн.

 


Тектеш материалды окуу