Akchabarsearch
Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын импорттоого 6 айга тыюу салынат

Жарыяланган

2026-21-09, 10:20

Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын импорттоого 6 айга тыюу салынат

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн курулуш блокторун, кыштарды, плиткаларды, айнектин айрым түрлөрүн жана электр кабелдерин ташып келүүгө убактылуу тыюу салынат. Чектөө алты айга киргизилет.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 14-сентябрындагы токтомунда айтылат.

Тыюу салынган товарлардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • жеңилдетилген бетондон жасалган курулуш блоктору жана кыштар;
  • цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган курулуш блоктору жана кыштар;
  • жолго, полго, мешке, каминге жана дубалга арналган плиткалар;
  • тик бурчтуу жана башка формадагы плиткалар, кубиктер жана ушул сыяктуу буюмдар;
  • куйма, прокаттык, чоюлган жана термикалык жылтыратылган айнектин айрым түрлөрү;
  • алюминий өзөктүү АВВГ, АВВГнг, АВВГнг-LS кабелдери;
  • жез өзөктүү ВВГ, ВВГнг, ВВГнг-LS кабелдери;
  • өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган СИП-1, СИП-2, СИП-3, СИП-4 жана СИП-5 зымдары.

Кабелдер боюнча чектөө белгилүү өлчөмдөргө тиешелүү. Алюминий өзөктүү кабелдердин кесилиши 2.5–240 мм², жез өзөктүү кабелдердики 1.5–240 мм², ал эми СИП зымдарыныкы 16–150 мм² болушу керек. Өзөктөрүнүн саны 1ден 5ке чейин көрсөтүлгөн.

Чектөө үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келүүчү товарларга тиешелүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинген товарларга жана транзиттик жүккө тыюу салынбайт.

Ошондой эле стратегиялык жана инвестициялык объектилер үчүн, ошондой эле эл аралык келишимдердин алкагындагы инвестициялык долбоорлор үчүн алып келинген материалдарга чектөө колдонулбайт.

Токтом расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирет.


Тектеш материалды окуу