Жарыяланган
2025-20-10, 18:00Быйыл январь-июль айларында Кыргызстанга Кытайдан көп көлөмдө кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар – 25.5 млн долларга, электр жабдуулары – 1 млрд 79.8 млн доллар, бут кийимдер – 105.1 млн долларга импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Россиядан мунай заттары – 485.5 млн долларга, болот зымдары – 300.1 млн доллар, күн карама майы – 22.4 млн доллар, жер семирткичтер – 15.3 млн долларга импорттолгон.
Казакстандан минералдык жана газдалган суулар – 44.6 млн долларга, буудай – 27.3 млн доллар, цемент – 12.7 млн доллар, буудай уну – 22 млн долларга ташылып келген.
Түркиядан кийим – 15.2 млн долларга, бут кийим – 12.2 млн доллар, эмерек – 3.1 млн долларга импорттолсо, Өзбекстандан кийим – 12.8 млн доллар, мөмө-жемиш жана жаңгактар – 23.1 млн доллар, жашылчалар – 17.9 млн долларга алып келинген.