Akchabarsearch
Оптима Банкта Apple Pay: жогорку кызыгуу жана 95% ийгиликтүү туташтыруу

Жарыяланган

2026-06-08, 14:00

Оптима Банкта Apple Pay: жогорку кызыгуу жана 95% ийгиликтүү туташтыруу

Optima Банктын Visa карталарын Apple Pay кызматына кошуу аракеттеринин ар бир 100үнүн 95и ийгиликтүү аяктайт. Мындай жыйынтык кызматтын Optima Банкта ишке киргизилген алгачкы жумасында катталды.

Жети күндүн ичинде көрсөткүчтөр туруктуу жогорку деңгээлде сакталды: туташтыруу процессин баштаган колдонуучулардын күн сайын 97%га чейинкиси Optima Visa картасын Apple Wallet тиркемесине ийгиликтүү кошушту. Бардык туташуулардын дээрлик 50% кызмат ишке кирген биринчи күнү, 70%дан ашыгы алгачкы эки күндө, ал эми 80%дан көбү кызмат ишке киргенден кийинки үч күндүн ичинде ишке ашырылды.

«Кызмат ишке кирген биринчи эле күнү Apple Pay’ге кардарлардын кызыгуусу жогору экенин көрдүк. Эң негизгиси, башталган туташуулардын басымдуу бөлүгү ийгиликтүү аяктады. Бул кызматтын ыңгайлуу, түшүнүктүү жана күнүмдүк колдонууга толук даяр экенин тастыктайт», — деп Оптима Банкта белгилешти.

Apple Pay дүкөндөрдө, тиркемелерде жана интернет аркылуу физикалык картасыз эле бир тийүү менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бардык төлөмдөр Face ID, Touch ID жана түзмөктүн сырсөзү менен ишенимдүү корголот.

Optima Visa картасын Apple Pay кызматына бир нече мүнөттүн ичинде Optima24 мобилдик тиркемеси же Apple Wallet тиркемеси аркылуу тез, ыңгайлуу жана коопсуз туташтырууга болот.


Тектеш материалды окуу