Akchabarsearch
Ош шаарында 17 миңден ашык батирлүү IT шаарчасы курулууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-06-11, 17:03

Ош шаарында 17 миңден ашык батирлүү IT шаарчасы курулууда

Ош шаарында 71 гектар жерге «Ош Сити» IT шаарчасы курулууда. Долбоордун алкагында 17 миң 200 батир, үч мектеп, эки бала бакча, оорукана жана IT-хаб курулат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 6-ноябрда Ош шаарына болгон иш сапарында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, долбоор ишке ашырылса, 15 миң жумуш орду түзүлөт.

Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев шаардагы башка курулуш долбоорлору менен да таанышты.

Атап айтканда, Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү 5 чакырым жол алты тилкелүү болуп кеңейтилген. Тротуарларды жана тогуз автобус аялдамасын куруу иштери жыл аягына чейин аяктайт.

Ошондой эле министр таштандыны кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заводдун долбоору менен таанышты. Наркы 95 млн долларды түзгөн завод суткасына 800-1000 тонна таштандыны иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындан тышкары, Ак-Буура дарыясын тазалоо жана «Коңур-Жаз» агроөнөр жай комплексин куруу иштери жүрүп жатат.


Тектеш материалды окуу